Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Адам укуктары боюнча Эл аралык Хельсинки Федерациясы Кыргызстандын юстиция министрине кат жолдоду


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча Эл аралык Хельсинки Федерациясынын аткаруучу директору Аарон Родес Кыргызстандын юстиция министри Курманбек Осмоновго Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин статусуна байланыштуу кат жолдоду. Анда федерация Адам укуктары боюнча кыргыз комитети Рамазан Дырылдаевдин жетекчилигинде гана тааный тургандыгы, мындай аталыш менен дагы бир уюмдун түзүлүшү мыйзамсыз болоору жазылган. Аарон Родестин пикиринде, Адам укуктары боюнча кыргыз комитети Эл аралык Хельсинки Федерациясынын толук кандуу мүчөсү болуп эсептелет. Аарон Родес Адам укуктары боюнча кыргыз комитетине байланыштуу көрүнүштү Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун алдындагы аброюна шек келтирген окуя катары баалаган. Ал эми Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мүчөсү Качкын Булатов бул уюм Юстиция министрлигинен келерки аптада каттоодон өтөөрүн бүгүн маалымдады. Азыр Рамазан Дырылдаев да, Болот Тыналиев да өздөрүн бул комитеттин мыйзамдуу төрагасы катары эсептешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG