Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Хорваттар парламенттик шайлоо өткөрүүдө


Хорватияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүүдө. Байкоочулардын маалыматы боюнча премьер-министр Ивица Рачан жетектеген оңчул-борбордук коалиция менен Хорват демократиялык биримдиги ат салышууда. Алдын ала алынган маалыматка караганда Хорват калкынын 4 жарым миллионго жакын шайлоочуларынын 52 пайыздан ашууну өз добуштарын беришти. Учурдагы шайлоого катышкандардын саны 2000-жылдагы шайлоого салыштырмалуу кыйла төмөн. Хорватиядагы парламенттик шайлоо Бишкек убактысы боюнча саат 23тө аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG