Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Ирактагы жардыруудан АКШнын үч жоокери набыт болду


АКШнын Ирактагы командачылыгы билдиргендей, бүгүн америкалык үч жоокер набыт болду. Алардын экөө Мосул шаарында бычак жеп өлдү. Багдаддын түндүгүндө болсо америкалык аскерлердин машинасы жардырылып бирөө мерт кетип, экөө жараат алды. Анын аралыгында, АКШ күчтөрү өлкөнүн борборунда террорчулардын шектүү жайларына сокку урушту. Ройтерс маалымат агенттиги күбөлөргө шилтеме берип, Багдаддан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан Самарра шаары бомбаланганын кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG