Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Э.Шеварднадзе Грузияда калып, эскерүү жазат


Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе оппозициялык күчтөрдүн дембе-дем чыгууларына туруштук бербестен, жекшемби күнү кызматынан кетти.
Оппозициянын миңдеген тарапкерлери Шеварднадзе бийликтен кеткени жарыяландан кийин кыйкырышып, түн бир оокумга дейре тынбай ырдап-бийлешти.
Шеварднадзенин кабарчыларга айтышынча, ал кан төгүүүлөр болбосун деп президенттиктен кеткен.

- Эгерде эртең мен бийлигимди пайдалансам, азыркыдай жагдайда окуя кан төгүүсүз токтобой турганын көрүп турам. Мен өз элиме ар качан ишенгем, азыр менин президенттиктен кеткеним жакшы болот жана бардык чатак токтойт.

Оппозициялык партиялар 2-ноябрдагы парламенттик шайлоо калыс өтпөдү дешип, Шеварднадзенин президенттиктен кетүүсүн, кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылып жатышкан.
Эл аралык байкоочулар да Грузиядагы шайлоо чоң мыйзам бузуулар менен өткөнүн тастыктаган.
Эдуард Шеварднадзенин президенттик мөөнөтү 2005-жылы аяктамак.

Парламенттин төрайымы Нино Буржанадзе мамлекет башчынын милдетин убактылуу аткара баштады.
АКШ өкмөтү Грузиянын убактылуу президенти Буржанадзе айым менен өлкөдө демократияны орнотууда кызматташабыз деген илгери үмүттө экенин Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Боучер маалымдады.
Боучердин билдиришинче, Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Буржанадзе айымга телефон чалып, Бурджанадзе жана анын коллегалары “Грузиянын конституциясына ылайык иш жүргүзөт” деген Вашингтондун ишеничин айткан.
Евробиримдиктин аткаруу комитети-Еврокомиссия Грузиядагы президенттик шайлоону демократиялык негизде тез арада өткөрүүүгө чакырып, кризис калабасыз аяктаганына канааттануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG