Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

КЫРГЫЗСТАНДЫН ШАЙЛОО МЫЙЗАМЫ КАРАЖАТЫ ЖОК ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛДӨРҮНҮН БИЙЛИККЕ КЕЛИШИНЕ ӨБӨЛГӨ ТҮЗБӨЙТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Быйыл мурдагы Совет биримдигине кирген республикалардын арасынан эки өлкөдө парламенттик шайлоо өткөрүлүшү белгиленген. Грузиядагы шайлоо чыр-чатак менен коштолуп, жогорку бийликтин алмашышына алып келди. Ал эми Орусияда парламенттик шайлоо 7-декабрда өткөрүлөт. Жергиликтүү талдоочулардын айтымында, бул өлкөлөрдүн башмыйзамдары жана шайлоо кодекстери ар бир атуулдун бийликке келишин шарттайт. Ал эми Кыргызстандын Башмыйзамы жана Шайлоо кодекси өлкөдөгү акчасы жок, бирок эл колдогон оппозиция өкүлдөрүнүн бийликке келишине өбөлгө түзбөйт.

Шайлоо - өлкөдөгү ар бир атуулдун, социалдык топтун, саясий партия өкүлүнүн бийликке келишине өбөлгө түзүүчү бирден-бир иш-чара. Ал эми ар бир атуулдун бийликке келишине шарт түзгөн жол-жоболор өлкөнүн Башмыйзамында жана Шайлоо кодексинде так, ачык жазылат. Кыргызстанда быйыл кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына ылайык өлкөдө жалаң мажоритардык шайлоо ыкмасы гана колдонулат. Ал эми Орусия менен Грузиядагы шайлоолор мажоритардык жана пропорционалдык шайлоо ыкмалары менен өткөрүлөт. Мисалы, Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы 450 депутаттын жарымы пропорционалдык, калганы мажоритардык ыкма менен шайланат. Ошондой эле, Грузиянын парламентиндеги 235 депутаттын 60% пропорционалдык, 40% мажоритардык ыкма менен шайланат. Мажоритардык шайлоо ыкмасынын шартында өлкө бир нече шайлоо округдарына бөлүнүп, кайсы талапкер өз атаандашынан көп добуш топтосо, ошол жеңүүчү деп табылат.

Бул өз мезгилинде акчасы бар талапкерлердин гана шайлоодо жеңишке жетишине өбөлгө түзөт. Ал эми колунда жок, бирок билимдүү, таланттуу атуулдар шайлоодо жеңип чыга алышпайт. Мажоритардык шайлоо ыкмасынын экинчи бир жетишпеген жагы – анын шартында өлкөдөгү саясий партияларга өз өкүлдөрүн депутаттыкка көрсөтүү укугу берилет. Анткени мындай эреже каражаты көп партияларга өз талапкерлерин марага алып чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми азыр Кыргызстанда бийлик колдогон партияларда гана каражат бар экени эч кимге жашыруун эмес. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев мындай дейт:

- Оппозициялык күчтөр бир мандаттуу округдардан каражаты бар, бай талапкерлерди таба алышпайт. Анткени оппозициялык партиялардын көпчүлүк мүчөлөрү - карапайым адамдардын өкүлдөрү. Алардын эл арасындагы кадыр-баркы, колдоочулары болгону менен, уюштуруу жана материалдык жагынан аксайт.

Быйыл Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганда президент Аскар Акаев «пропорционалдык шайлоо ыкмасынын шартында шайлоочулар менен депутаттын ортосунда байланыш начар болгондуктан, Кыргызстанда мажоритардык шайлоо ыкмасы киргизилүүдө» деген пикирин билдирген.

- Оппозиция өкүлдөрү «партиялык тизмени алып коюшту, демократиянын күнү бүттү» деп чуу чыгарышууда. Эч кандай андай эмес. Менин оюмча, бир палаталуу күчтүү парламент мажоритардык шайлоо ыкмасы менен шайланышы керек, - деген эле А. Акаев. Бирок ал пропорционалдык шайлоо ыкмасынын артыкчылыгына токтолгон эмес.

Адистердин оюнча, пропорционалдык шайлоо ыкмасынын жетишпеген жагынан артыкчылыгы көп. Маселен, пропорционалдык шайлоо ыкмасынын шартында шайлоочулар бүткүл өлкөнүн аймагында кандайдыр саясий партия үчүн добуш беришет. Депутаттык мандат кайсы партия канча добуш алганына жараша бөлүнөт. Ал эми партиялык тизмеге болсо көпчүлүк учурда акчасы жок болсо да, билими күчтүү атуулдар кирет. Бул өз мезгилинде болочок парламентке билимдүү, өз ишин билген адистердин келишин шарттайт. Маселен, Кыргызстанда буга чейинки парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештеги 15 орун саясий партияларга берилген. Натыйжада парламентке таланттуу, бийликке көз карандылыгы жок атуулдар келишкен. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун пикири ушундай.

- Өткөн парламенттик шайлоодо парламентке партиялык тизме менен күчтүү, билимдүү, көз карандысыз атуулдар шайланышты, - дейт Ишенбай Кадырбеков.

Ушу тапта кыргыз коомчулугунда «2005-жылга чейин Башмыйзамга партиялардын шайлоого партиялык тизме менен катышуусуна укук берген өзгөртүү киргизилет» деген каңшаар кеп бар. Президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү, Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыккан эксперттик топтун жетекчиси Чолпонкул Арабаевдин айтымында, 2005-жылга чейин Конституцияга кайрадан өзгөртүү киргизилбейт.

- Бул маселе буга чейинки референдумда эле так, даана чечилди, Конституцияда жазылды. Эми, «жарым жыл өтпөй эле бул маселеге кайрылат» деген маалымат туура эмес, - дейт Чолпонкул Арабаев.
XS
SM
MD
LG