Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:44

Франциянын президенти Жак Ширак Лондондо Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен жолугушту


Сүйлөшүүнүн соңунда Тони Блэр Франция менен Британия Европа Биримдигинин коргонуу саясатын НАТОнун максаттарына үндөш жүргүзүүнү макулдашышканын билдирди. Иракка байланыштуу француз президенти АКШнын бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү демилгеси колдоого арзыйт, бирок азырынча бул багыттагы аракеттер жетишсиз жана канааттандырарлык эмес деп белгиледи. Тони Блэр бүгүн франциялык жетекчилерден кийин Испаниянын премьер-министри Хосе Мария Азнар менен жолугуп маектешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG