Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

ГРУЗИЯ ЫҢКЫЛАБЫ ЖАНА БАКУ-ТБИЛИСИ-ЖЕЙХАН МУНАЙ КУУРУ


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Грузийадагы бийлик алмашуу анын кошунасы Түркийада дагы күтүүсүз окуйа катары бааланды. Бул окуя эми Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун келечегине кандай таасирин тийгизет?

Грузийада кийинки болуп жаткан окуйаларга жекшемби күнү ишке ашырылган “баркыт ыңкылабына” 2-нойабрда өткөрүлгөн шайлоолордон кийин пайда болуп калган ички сайасий талаш-тартыштардын алкагынан гана карап сереп салыш, Кавказ аймагынын географийалык, тарыхий жана стратегийалык өзгөчөлүктөрүн эсепке алганда, бул аймактагы “чоң ойундун” маңызын терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Түркий, парсы, славйан, кавказ индо-европалык жана монгол тукумунан келген ондогон калктар конуш кылып келген бул аймакта жүрүп жаткан “чоң ойундун” бир жагында, бул аймакты падыша Орусиясы жана совет доорунан бери өзүнүн табигый узандысы, атүгүл ажыралгыс бөлөгү катары эсептеп келген Орусия турса, экинчи актйор - бул аймактын түркүн калктары менен тарыхий, этностук жана диний байланышы болгон Түркийа аркылуу Орто Азийага таасир чөйрөсүн алып келүүгө тырышкан супер күч АКШ.

Президент Эдуард Шеварднадзе оппозицийа тарабынан ишке ашырылган “баркыт жана гүл революцийасы” деп аталып калган төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кетти. Тбилисинин көчөлөрүнө чыккан эл Шеварднадзенин кетишин чоң ойун-зооктор, фейерверктер менен майрамдашты.

Ал 1928-жылы туулган, 1972-жылы Грузийанын Компартийасынын биринчи катчылыгына көтөрүлүп, 1985-жылы Михаил Горбачев тарабынан СССРдын тышкы иштер министирлигине дайындалган, ошондой эле, Горбачев менен бирге “кансыз согуш” дооруно нокот койгон. 1991-жылы эгемендүүлүгүн алган бул чакан Кавказийа өлкөсүн кийинки жылдары келген Эдуард Шеварднадзенин ушундайча трагедийалуу түрдө бийликтен кетүүсүнүн артында кандайча себептер бар деген суроонун жообун табыш үчүн аракеттер көрүлүп жаткан чакта, баарынан мурда, Кавказдагы мунай куурлары жаатында болуп жаткан окуйалардын арка планына көз чаптыруу ылайык.

Негизинде Шеварднадзенин тагдыры, 1994-жылдын 20-сентийабр күнү кол койулган бир келишим аркылуу Азербайжандын мунайы, АКШ, Британийа, Росийа, Норвегийа жана Түркийанын бир катар мунай компанийалары арасында бөлүшүлгөн учурда чечиле баштады. Азербайжандын мунайын Баку-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу батыштык базарларга алып чыгуу тууралуу токтом бекитилгенден соң, бул ойундун башкы актйорлору АКШ менен Орусийанын ортосундагы негизги теңтайлашуу күч алды. Анткен себеби, куурдун Түркийанын аймагы аркылуу батышка чыгуусу - Азери мунайын Баку-Новороссийск аркылуу алып чыгууну пландаган Москванын колундагы чоң көзүрдү тартып алып, анын бул аймактагы таасирине карата урулган сокку болду.

Ошондуктан, Орусийа, бир чети, Баку-Новороссийск багытындагы куурдун коопсуздугун камсыздаш максатында Чеченстанга карата эки жылга созулган оор согушун баштап, дал эле ошол учурда, Грузийадагы өнүгүүлөрдү өз пайдасына алмаштырууга далбас урду. Баку-Тбилиси-Жейхан пройектинин күжүрмөн колдоочуларынын бири саналган, Азербайжандын Улуттук Мажлисинин төрагасы Апийеттин Жалилов 1994-жылдын сентийабр айында адам колдуу болду. Гейдар Алиевдин бийлике келүүсүнөн кийин абал салыштырмалуу турукташты; бирок эми кезек Баку-Тбилиси-Жейхан куур линийасынын үстүндөгү Грузийада еле.

Бул чакан Кавказ жумуруйатынын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылында, 1991-жылдын май айында Орусийанын жардамы аркылуу бийлике келген Звиад Гамсахурдийанын тагдыры да кайгылуу болду. Ал Түштүк Осетийадагы коогалаңды баса албады жана Орусийа менен келише албай, 1992-жылда бийликтен качып кетүүгө туура келди жана көп өтпөй туруп эле, 1993-жылдын декабр айында сырдуу шартта кайтыш болду. Анын мураскери Шеварднадзе Москва менен дурусураак мамиледе болууну чечти, атүгүл, өлкөдө улашып жаткан баш-аламандыкты басуу максатында орус аскерин өлкөсүнө чакырууга аргасыз калды. Өлкөсүн 1994-жылы КМШнын катарына кошту. Ошондо Грузийа Орусийанын таасир чөйрөсүндө бүтүндөй тушалат деген жоромолдор айтылган болсо дагы, Шеварднадзе Орусийанын нааразычылыктарына карабай бир катар эл аралык келишимдерге кол койуп, тиги КМШ мамлекеттерине салыштырмалуу, өз өлкөсүн эркиниреек багытта башкарып келди.

Жуманын айагында Тбилисиде болгон окуйаларга калктын 70 пайызынын добушун алуу менен 1995-жылда президенттикке келген жана жекшемби күнкү төңкөрүшкө чейин созулган Шеварднадзенин зоболосу жана жалпысынан анын өлкөсүндө жуманын айагында ишке ашкан төңкөрүлүштү ушул маалыматтардын алкагында баалоого туура келет. Түркийа үчүн чоң мааниге ээ болгон төңкөрүш тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги билдирүү жарыйалап, анда Грузияда тез арада оор басырыктуулуктун жана тартиптин салтанат кураарына Анкаранын ишеничи байандалды. Башкаруу чөйрөлөрү жана сайасий аналитиктер окуйаларды кылдат байкап, Шеварднадзенин кетиши “Баку-Тбилиси-Жейхан” мунай пройектине жана жалпысынан бул аймакта бычактын сыртында турган тең салмактуулукка кандайча таасир алып келээри тууралуу түкшүмөлдөп жатышат.

Грузийада 300 миң чамасында азерилер жашайт. Алар мурдагы президент Гейдар Алиевдин көргөзмөсү аркылуу Эдвард Шеварднадзенин тарабын колдоп келишти. Түштүк райондордо жашаган армийандарды айтпай эле койолу, Абхазийа, Ажарийа жана Түштүк Осетийа Автоном Жумуруйаттарында абал күкүрттүү челектин үстүнө отургандай эле бар. “Бандиттер Чөлкөмү” деген атака конгон Кодор жана Панкис өрөөндөрү да көңүлдөн чыгарыла албайт. Төңкөрүш жасагандардын, асыресе, АКШда билим алган Михаил Саакашвилинин, батышка жакын нукта сайасат алып баруусу күтүлгөнүнө карабай, Түркийадагы сайасий байкоочулар грузиялык оппозитсийанын “улутчул-христийан” маанайына шилтеме жасап, баш-аламандыктардын жана ички тирешүүлөрдүн курчуп кетүү мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгара албастыгын жоромол кылып жатышат.
XS
SM
MD
LG