Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Кыргызстанда саясатчылардын жаңы китептери жарык көрдү


БИШКЕК. Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында президент Аскар Акаевдин «Менин жүрөгүмдөн өткөн тарых» аттуу китебинин бет ачаар аземи болду. Ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын, мектептердин мугалимдери катышты. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин «Он жылдыктарга теңелген жылдар» аттуу китебинин жарык көргөнү да кабарланды. Мындан тышкары, оппозициялык маанайдагы «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери Досбол Нур уулу «Эгемен Кыргызстандын тескейи» аттуу китебин чыгарганы да бүгүн маалым болду. Автор өз китебинде Кыргызстандагы саясий-экономикалык реформаларга жана алардын натыйжаларына сын көз менен караган.

XS
SM
MD
LG