Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Кыргызстанда табигый кырсыктар көбөйүүдө


БИШКЕК. Кыргызстанда табигый кырсыктардын саны быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу 500гө көбөйүп, 3 миңге жетти. Айрыкча жер алдындагы суунун көтөрүлүшү жана жер көчкүлөр көбөйгөндүгү тынчсыздандырууда. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы Анаркул Айталиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү жер көчкүлөрдүн жана жер алдындагы суунун көтөрүлүшүнүн себебин иликтеш үчүн министрлик Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) менен кошо декабрь айында семинар өткөрөт.

XS
SM
MD
LG