Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04
БИШКЕК. Майлысуу шаарынын чет-жакасындагы уран калдыктары көмүлгөн жайларды эл аралык эксперт-окумуштуулар иликтей башташты. Бүгүн бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уу калдыктар көмүлгөн жайларга байкоо салуу департаментинин башчысы Анаркул Айталиев, Дүйнөлүк Банктын өкүлү Йооп Стаутиесдейк жана америкалык окумуштуу Лучано Минетти кабарлашты. Алардын маалыматына караганда, иликтөө Майлысуу шаарынын жанында көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандырууга көмөктөшө турган донорлор үчүн жыйынтыктоочу документти даярдоо максаты менен жүргүзүлүүдө. Ага Жапониянын өкмөтү 478 миң доллар бөлдү. Иликтөөнүн негизинде уулуу жайларды зыянсыздандыруунун техникалык-экономикалык негиздери даярдалат. Долбоорду ишке ашырууга 5 млн. долларлык грант бөлүү ниетин Дүйнөлүк Банк былтыр билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG