Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:43

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: «КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ – ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫ УЮМДАРЫНЫН ҮЛГҮЛҮҮ ОКУУЧУСУ»


Кыргызстандагы экономикалык реформалар эл аралык финансы уюмдарынын колдоо-жөлөгү менен жүрүүдө. Кийинки кездери дүйнөлүк финансы уюмдарынын өнүгүп келаткан өлкөлөргө экономикалык колдоосунун акыбети көрүнбөй жатканы арбын айтыла баштады. Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык жана бажы төлөмдөрү боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыктын» бул боюнча айрым суроолоруна жооп берди.

- Акылбек мырза, эл аралык финансы уюмдарынын Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардамынын кайрымжысы кандай болуп атат? Кийинки кездери «алардын кедей өлкөлөргө көрсөткөн экономикалык жардамы натыйжа бере элек» деген пикирлер көп айтылууда. Бул тууралуу сиздин пикириңиз кандай?

- Советтер Союзу ойрон болуп кеткенден кийин эл аралык финансы институттары жардам бербесе, биздин өлкө экономикалык жагынан бутуна туруп кетиши кыйын болчу. Биринчи, баштапкы этабында булар жакшы эле жардам беришти деп ойлойм. Бирок башында, капиталисттик доорго жаңыдан өтүп аткан кезибизде эл аралык финансы институттары туура эмес иш кылышкан. Кредит алууну булар өкмөттүн кепилдигине, өкмөттүн колуна өткөрүп коюшкан. Анан да кредиттин кайда жумшалганына жакшы көзөмөл жүргүзбөй коюшкан. Ошонун азабын азыр да тартып жатабыз. Орусиянын, Пакистандын, Индиянын, Түркиянын коммерциялык кредиттерин алып алганбыз. Ага эл аралык финансы институттары да көз салышы керек эле. Себеби, алар макулдугун беришкен. Азыр болсо алынган кредиттердин жоопкерчилигин кыргыз өкмөтү, Кыргызстандын эли тартып жатат. Алар болсо бул жоопкерчиликтен четтеп чыгып кетишти. Бул биринчиден. Экинчиден, 12 жыл ичинде биздин республика деле бир топ нерселерди үйрөнүп калды. Жакшы кесипкөй, ишин мыкты билген балдарыбыз чыкты. Бюджетти түзүп, экономика кайсы багытта өнүгүп баратат, ошону билип, терең аңдачу адистерибиз бар. Тилекке каршы, Эл аралык Валюта Фонду мурдагыдай эле он жыл мурунку өкүмчүлүгүн койбой келатат. «Биздин оюбузча мындай болушу керек» деп, өзүнүн гана айтканын ишке ашырууга ынтызар болуп келатат.

- Ошондон улам кийинки кездери жергиликтүү жагдай-шартты жакшы эсепке албаган эл аралык финансы уюмдарынын өктөм, кеңешчил мамилеси катаң сынга кабылып отурбайбы.

- Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) ишмердигин айтылуу финансист-магнат Жорж Сорос такай сынга алып келатат. Анткени «булар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштей башташты. Жер жүзүндөгү финансылык туруктуулукту ойлобой, алдыга жылышты ойлобой, кедей-кембагалдыкты жоюшту ойлобой калышты. Бул институттар аябай чоңоюп кетти» деген сөзгө мен да кошулам. Акыркы 10 жыл ичинде ЭВФ дүйнөнүн 26 өлкөсүндө иштеп жатат. Анын арасынан 6 өлкө азыраак экономикалык өсүшкө жетишти деп айтсак болот. Алардын катарында Түркия да бар. Бирок, тилекке каршы, 19 өлкөдө булар ойлогон оюна жетишпей калды, экономикасы бутуна туруп кеткен жок. Кыргызстанга, ички саясий турмушубузга булар бир топ туруктуулукту алып келишти. Анын мына, өзүңүздөр деле байкап атасыздар, 12 жыл ичинде өкмөт 9 жолу алмашты, онго жакын финансы министрлери алмашты. Эгерде сырт жактан илгери Москва көзөмөлдөгөндөй ЭВФ макроэкономикалык туруктуулукту, убагында пенсия, жөлөк пул беришти көзөмөлгө албаса, абал кыйын болмок. Бюджеттин киреше бөлүгүн катуу көзөмөлгө алып турушту. Бул жагынан алар бир топ жардам беришти, берип да келатышат. Бирок бүгүнкү күндө булар мектеп мугалими сымал «меники гана туура» деген позициядан кетиши керек.

- Азыркы учурда эл аралык финансы уюмдары менен катыш кандай? Ушуга токтоло кетсеңиз.

- Акыркы үч жылда программа түзүп, ЭВФ менен иштешип атабыз. «Тышкы карыздарыбызды кечтиребиз» деп, экономикабызга зыян келтирип жатабыз. Мен бул жерде салык саясатынын реформасына токтолгум келет. Биз бюджеттин киреше жагын бир 50% жогорулатып алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Анан киреше жагын кыйналып-кысталып жүрүп түшүнүп, салык эмне экенин аңдап, аны төлөө зарылдыгын моюндай баштаганыбызда бюджеттин чыгаша жагын караганга ынтызар болбой жатышат. Чыгашаны карабай атышат. Киреше, чыгаша - экөөнү тең салмак карабаганыбыздан экономикалык жагынан бир топ артта калганыбыз аз-аздан сезилүүдө. Биз ЭВФтин айткандарын так аткарып келатканыбыздан, өзүбүздүн оюбузду айтып, аларды ынандыра алганыбыздан улам 1998-жылы жакшы өсүшкө жеткенбиз. Бирок акыркы 4-5 жылдан бери биз артта калып баратабыз. Баштагы ыргак жок. КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы эмдиги жылга эсептелген ички дүң продукция өндүрүшү боюнча эң төмөнкү өсүш - биздин Кыргызстанда. Буга ЭВФ теңме-тең болбосо да, өзүнө тиешелүү жоопкерчиликти алышы керек.

- Акылбек мырза, кыргыз өкмөтү ЭВФтин кеңешин угуп, бюджеттин киреше-чыгашасын аныктап, салык саясатын жүргүзүп келатат. Мунун натыйжасы тууралуу кандай ойдосуз?

- Энергетика тармагын менчиктештирүү абдан шашылыш болуп кетти. Анан алардын берген кеңешинин туура эместигин турмуш өзү көрсөттү. Муну мурда эле депутаттар, мен да айтып жүргөнбүз. Тилекке каршы, Дүйнөлүк Банк бизге келе турган жардамга энергетика тармагын менчиктештирүүнү байланыштырып, бизди туура эмес жакка багыттап койду. Кээ бир кеңештери, мисалы, салык боюнча кеңештери да туура эмес. Мисалы, кошмо нарк салыгын айыл чарбасына киргизүү да аябай эрте болду. 2-3 жылдын ичинде бул дагы алар ойлогон пайданы алып келбейт. Кыймылсыз мүлккө болгон салык да эрте кирип атат. Базар-нарк шартына ылайык келбеген салыктар жоюлуп, алардын ордуна ушулар кириши керек эле. Биз салыктардын түрүн азайтыштын ордуна аларды көбөйтүп атабыз. Ал эми «экологиялык салыкты да жүгүртүүдөн киргизебиз» деп атышкан. Ошону араң токтоттук. Эл ичинде бирөөлөр: «Эми абага да салык төлөйбүзбү?» - деп тамашалап атышпайбы. Ушундай нерселердин туура эместигин эл аралык финансы уюмдарынын өкүлдөрү парламентке келгенде, Тапио Саавалайнен менен аңгемелешкенде айтып эле атабыз. Бирок да кыргыз чиновниктери кемде-кем эле документти ачып, аны терең үңүлүп окубаса, башка убакта «Кудайдан кийин эле мен баарын билем» дейт, бирок кагаз карабайт. Анан аларга аябай жеңил болуп атпайбы. Келип «баягыда сүйлөшпөдүк беле. Бул жакшы болот» деп айтса, тигил жакшы же жаман экенин ажыратып айта албайт. Ушундай кемчиликтери албетте, бар. Бирок да буларсыз келерки 5 жылда өз алдыбызча жашап кетебиз деп айтышыбыз кыйыныраак.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG