Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

ДҮЙНӨЛҮК БАНК МАЙЛЫСУУДАГЫ УРАН КАЛДЫКТАРЫ БОЮНЧА ДОЛБООРУН БАШТАДЫ


Дүйнөлүк Банк Майлысуу шаарындагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча долбоорун баштады. Ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө бул банктын өкүлдөрү АКШдан келген окумуштуулар менен кошо уран калдыктары көмүлгөн жерлерде болуп, изилдөө иштерин башташты.

Кыргызстандын жетекчилиги акыркы жылдары уран калдыктарын зыянсыздандырып, аларды коопсуз абалга келтирүү иштерин эл аралык коомчулуктун жардамы менен чечүү аракетинде келатат. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен быйыл бир нече жолу жыйындарды өткөрүп, бул маселеге эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылган. Мындай кайрылууга биринчи болуп Дүйнөлүк Банк көңүл бурду. Анын өкүлү Йооп Стаутиесдейктин 24-ноябрда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтканына караганда, Дүйнөлүк Банк грант катары 5 млн. долларды Майлысуу шаарындагы уран шакелдерин коопсуз абалга келтирүүгө жумшаганга ниеттенүүдө.

- Уран калдыктары боюнча көп талкуулар, сөздөр жүрдү, - дейт ал. - Бирок конкреттүү иштер жасала элек. Өзүңүздөр билесиздер, мындай иштерге Дүйнөлүк Банкты тартып, маселени чечиш үчүн алдын-ала жүргүзүлгөн жакшы иликтөөлөр жана так эсептөөлөр керек.

Йооп Стаутиесдейктин сөзүнө караганда, адегенде «Уран калдыктары көмүлгөн 23 жердин кайсынысын кандай жол менен зыянсыздандырууга болот? Эгер андай долбоор ишке ашса, анын айлана-чөйрөгө тийгизе турган терс таасири болобу?» деген суроолорго жооп алынмакчы. Мындан тышкары, долбоорлордун техникалык-экономикалык негизи да түзүлмөкчү. Бул иштерге жумшалуучу чыгымдарды Дүйнөлүк Банк Жапониянын өкмөтү бөлгөн 478 миң доллардын эсебинен чечет. Йооп Стаутиесдейктин айтымында, Дүйнөлүк Банктын көзөмөлү менен башталып жаткан бул долбоор Майлысуудагы абалды кескин жакшыртып жиберээрине толук ишенич жок. Анткени мындай татаал маселени чечиш үчүн 5 млн. доллар аздык кылат. Анын үстүнө Дүйнөлүк Банктын буга чейин уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча тажрыйбасы болбоптур. «Биз бул иште пионербиз», - деди Дүйнөлүк Банктын өкүлү.

АКШнын Ливермоль улуттук лабораториясынын өкүлү, илимий талдоочу Лучано Минеттинин айтымында, дүйнөдө уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча бир топ өрнөктүү тажрыйбалар бар. Бирок мындай долбоорду ишке ашыруу бир катар жагдайларга байланыштуу.

- Бул акча каражатына, саясий жактан алганда кандай мамлекет экенине жана элдин экологияга мамилесине жараша чечилет, - дейт ал.

Лучано Минетти Кошмо Штаттарында уран калдыктары башка коопсуз жайга көчүрүлгөн фактыны мисалга тартты. Анын айтымында, Майлысуудагы изилдөөлөр уран калдыктары адамдын ден соолугуна зыяндуу нурларды бөлүп чыгараарын көрсөттү. Бирок «Майлысуудагы уран калдыктарын башка коопсуз жайга көчүрүү керекпи же жокпу?» деген суроого азырынча так жооп табыла элек.

Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уран калдыктары боюнча иштөөчү башкармалыгынын жетекчиси Анаркул Айталиевдин маалыматы боюнча, ушу тапта жергиликтүү адистер менен эл аралык эксперттердин ортосунда «Уран калдыктарын кантип жакшылап зыянсыздандырыш керек?» деген маселенин айланасында талкуулар, айрым учурларда талаш-тартыштар да жүрүп жатат.

- Биздин адистер менен чет элдиктердин ортосунда калдыктарды кантип зыянсыздандыруу боюнча пикир келишпестиктер да болуп жатат, - дейт Анаркул Айталиев. Анын маалыматы ылайык, эгер буга чейин Майлысуудагы уран калдыктары боюнча иштер чачкын жүрүп келсе, эми ал иштер жыйынтыкталып, бир нукка салынууда. Анын үстүнө кыргызстандык адистер жакында «Майлысуудагы уран калдыктарын зыянсыздандырып, коопсуз абалга келтирүүгө канча каражат кетет?» деген суроого да жооп алышты. Эсептөөлөр боюнча, Майлысууга 16 млн. доллар каражат керек.

Анаркул Айталиевдин айтымда, көп жылдан бери Өзбекстан биринчи жолу Майлысуудагы маселелерди чечүүгө жардам бере баштады.

Буюрса, Өзбекстан менен тил табыштык окшойт, - дейт Анаркул Айталиев. - Анткени Кызылтөбө геологиялык институтунун адистери 3 күндөн бери Майлысууга келип, өздүрүнүн каражаттарынын эсебинен изилдөө иштерин жүргүзө башташты.
XS
SM
MD
LG