Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

ГРУЗИЯДАГЫ САЯСИЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КЫРГЫЗСТАН ДА КӨҢҮЛ БУРУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Грузияда тынчтык жол менен бийликтин алмашышына, Эдуард Шеварднадзенин бийликтен чегинишине, Грузияда түзүлгөн соңку саясий абалга карата Кыргызстанда да ар кандай ой-пикирлер айтылууда.

Дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Грузиядагы саясий өзгөрүүлөргө карата Кыргызстанда түрдүү көз караштар айтылууда. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Грузиядагы саясий жараяндар тынчтык жолу менен өнүгүшүнө тилектештигин жана Грузиядагы саясий күчтөр өлкөдө түзүлгөн кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салаарына ишенээрин билдирди. Кыргызстандагы бир катар партиялар Грузиянын президентинин кызматын убактылуу аткарып аткан Нино Бурджанадзеге, Грузиянын оппозициясынын лидерлеринин бири Михаил Саакашвилиге ж.б куттуктоо телеграммаларын жөнөтүштү. Мындай телеграмманы «А.Акаевди кызматынан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы да жолдоду. Кыймылдын мүчөсү, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов бул туурасында мындай дейт:

- Шеварднадзе бийликке келгенден бери бир да демократиялык шайлоо өтпөй, бийликтин колдоосу менен, президенттин каалоосу менен бийлик узартылып келген. Акырында мына, эл чыдабай, бийликти күч менен кетирди. Грузин элинде, грузин оппозициясында башка жол жок эле. Бийлик элдин күчү менен кетирилди. Бизде да шайлоолор көз боемочулук менен өтүп келатат. Азыркы президент бийлигин көз боемочулук менен узартып келатат. Эгерде А. Акаев бийликтен өз ыктыяры менен кетпесе, акыйкат шайлоо өткөрбөсө же өзү каалаган адамды күч менен өткөрүүгө аракет кылса, анда Кыргызстанда да Грузиянын варианты орун алышы мүмкүн.

Ал эми саясат таануучу Карыбек Байбосунов «Грузиядагы бүгүнкү саясий абал - мыйзам ченемдүү көрүнүш» деп эсептейт. Анткени, анын пикиринде, Грузияга азыр коммунисттик идеологиянын негизинде тарбияланып, саясатчы катары калыптанган адам эмес, жаңы көз караштагы саясатчы, демократ өлкө башчысы керек.

- Грузияда бул окуялар болбой коюшу мүмкүн эмес эле. Себеби, Грузяинын шартында азыр жаңы көз караштагы, жаңы типтеги башкаруучу керек. Шеварднадзе сыяктуу эски коомдун саясатчылары жаңы саясатка аралаша албайт. Ал эми Грузиянын оппозициясынын талаптары туура, - дейт Карыбек Байбосунов. Ал «Кыргызстанда 2005-жылы боло турган парламенттик шайлоо мыйзам чегинде өтөт жана Грузиядагы азыркы кырдаалга окшош абал түзүлбөйт» деген оюн билдирди.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Абсамат Масалиевдин айтымында, Шеварднадзенин тышкы саясатта кетирген башкы кемчиликтеринин бири - Грузияны Орусиядан алыстатууга багытталган саясаты.

- Шеварднадзе Грузияны Орусиядан алыстатууга аракет кылды. Анын натыйжасында Грузиянын экономикалык абалы абдан начарлап кетти. Эл ага чыдабай, анын саясаты элге, парламентке жакпай, мына ушундай абалга келди. Эгерде биздин бийлик да, парламент да Грузиянын азыркы акыбалынан туура жыйынтыктарды чыгарбаса, бизде да ушундай кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн, - дейт Абсамат Масалиев.

Ал эми «Жаңы күч» партиясынын төрайымы, кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Токон Шайлиева «Грузиядагы саясий кырдаал Кыргызстанда түзүлүшүнө негиздер жок» деген көз карашта.

- Кыргызстанда азыр реформалар башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы жүргүзүлүп жатат. Президент Аскар Акаев ички жана тышкы саясатты туура жүргүзүп келатат. Менин оюмча, бизде Грузиядагыдай абал түзүлүшү мүмкүн эмес. Грузиядагы абалга Шеварднадзе күнөөлүү, - дейт Токон Шайлиева.

XS
SM
MD
LG