Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

САЛАМАТ АЛАМАНОВ: «КОШУНА ӨЛКӨЛӨР МЕНЕН ЧЕГАРА ТИЛКЕЛЕРИН ТАКТАШУУ ЫРААТТУУ ЖҮРҮП ЖАТАТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстан кошуна мамлекеттер менен чегара тилкелерин тактоо иштерин улантууда. Учурда Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатса, Тажикстан менен жаңыдан гана башталды. Ал эми Казакстан менен чектеш жерлер негизинен такталып бүттү. Кошуна Кытай мамлекети менен болгон чегарага акыркы мамы казыгы кагылды. Ушул жана башка маселелер тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аймактык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов «Азаттыкка» кеңири маек куруп берди.

- Саламат мырза, сиз жаңы эле Өзбекстандан, чегара маселеси боюнча кезектеги сүйлөшүүдөн кайтып келдиңиз. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чегарасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр кандай жыйынтыктар менен коштолууда?

- 13-ноябрдан 17-ноябрга чейин Ташкенде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө буга чейин эксперттик топтун аткарган иштеринин жыйынтыгы талкууланып, такталып, анын негизинде эки тараптын бүтүмү чыгып, өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн кароосуна даярдалды. Бүгүнкү күнгө чейин атайын түзүлгөн эксперттик топ 30 жолу жолукту. Ал эми өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде биз 15 жолу жолуктук. Бул өзү 4 жылдан берки жумушубуздун жыйынтыгы. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы чегара тилкеси жалпысынан 1295 чакырым экени такталды. Анын ичинде эки тараптуу өкмөттүк делегациянын деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдөн улам 996 чакырым узундуктагы чегара тилкелери боюнча эки тараптын пикирлери дал келди жана ал ошол делегациянын деңгээлинде бекитилди. Чегарабыздын калган 300 чакырымдан ашык бөлүгү мындан аркы сүйлөшүүлөрдө талкууга алынып, такталмакчы.

- Сиз азыр тактала элек жерлерди айтып кеттиңиз. Кыргыз-өзбек чегарасындагы ошондой жерлер сүйлөшүү учурунда кандай талаш-тартыштарды жаратып жатат?

- Негизинен эки тарап тең чегара сызыгындагы айрым чалкеш жерлер боюнча эки ача пикирди айтып, анын тууралыгын далилдөөгө аракет кылышууда. Мурдагы административдик-аймактык чегараны биздин чарбалык кызматкерлер райондук, облустук жана колхоздук деңгээлде туруп эле, мамлекеттик деңгээлдеги документ түзбөстөн чечип коюшуптур. Ошол жерлердин маселелерин чечүү өтө татаал болуп жатат. Ушул мен айткан 300 чакырымдан ашык чегаранын бөлүгү, аны чечүү сүйлөшүүнүн биринчи күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин татаалдыктарды пайда кылып, талаш-тартыштарга кабылтып келет. Ошондуктан аларды азыр «кандайдыр-бир чечилүү деңгээлине жакындап калды» деп айтуудан алыспыз. Ошол чалкеш жерлерди такташ үчүн убакыттын көпчүлүгүн талкуу менен өткөрөбүз. Ар ким өзүнүн жүйөлөрүн, документтерин алдыга коюп, өзүнүн пикиринин тууралыгын 4 жылдан бери далилдеп келет. Бирок андан бир бүтүмгө келген макулдашуу боло элек.

- Сиздер Өзбекстан менен бирге эле, Тажикстан менен да чегараны тактоо боюнча атайын сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатасыздар. Кыргыз-тажик чегарасын такташ үчүн сүйлөшүүлөр кандай жыйынтыктарды берип атат?

- Биз Тажикстандын өкмөттүк делегациясы менен сүйлөшүүнү баштаганыбызга 1 жыл болду. Ушул 1 жылдын ичинде биздин ишибиз негизинен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чегараны аныктоочу укуктук документтерди тактоонун үстүндө жүрдү. Бир жыл ичинде бул боюнча биз 4 жолу пикир алмаштык. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эки тарап тең өз пикиринде калып келатат. Ар ким өзүнүн туура деген ою менен документтердин топтомун сунуш кылып, бирок аягына чейин бул маселе чечилбей, сүйлөшүүнү дагы ушул убакытта уланталы деп турабыз.

- Ал эми «кошуна Казакстан менен чегара тилкелери толугу менен аныкталып бүттү» деген маалыматтар айрым басылмаларда жарыяланып кетти. Ошол казак-кыргыз чегара тилкеси толук такталып бүттүбү?

- Казак-кыргыз чегара тилкесин тактоо боюнча сүйлөшүү башка мамлекеттер менен сүйлөшүүгө караганда жеңил болду. Биздин таянган документибиз бир эле. Ал - 1930-жылдагы СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин Казак АССРи менен Кыргыз Автономиялуу Республикасынын ортосундагы чегара бөлүштүрүү жөнүндөгү документи. Экинчиси болсо 1961-жылдагы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Кыргызстандын чегарасы жөнүндөгү жарлыгы болуп калды. Кыскасы, бөлөк мамлекеттер менен болгондой чаташкан документтер жок экен. Анын үстүнө чектеш айыл, колхоз-совхоздордун ортосунда дагы эч кандай чыр-чатак, коңшулаш райондордун ортосунда дажер-сууга байланыштуу талаш маселелер болбоптур. Азыркы күндө биздин алдыбыздагы милдет - эки мамлекеттин ортосундагы чегараны демаркациялоо иши. Аны келишим Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөндөн кийин баштайбыз деп турабыз.

- Кыргыз-кытай чегарасынын демаркациялык иштери толугу менен бүттүбү? Бүгүнкү күндө ушул эки өлкөнүн ортосундагы чегаранын абалы тууралу айтып берсеңиз.

- Кеңири белгилүү болгондой, биз делимитация маселесин 1999-жылы бүткөнбүз, 2001-жылдан тартып демаркация ишине киришкен элек. Бу демаркация – «келишим түрүндө такталган чегараны чегара мамылары менен белгилөө» деген сөз. Быйыл сентябрь айынын ичинде биз кыргыз-кытай чегарасында акыркы чегара мамысын орноттук. Ушул чегара аралыгында биз 121 чегара мамысын орноттук. Азыр эми демаркация ишин жыйынтыктаган документтердин үстүндө иштеп жатабыз. Эми мамы кагылып бүткөн кыргыз-кытай чегарасынын 100% тең эле тоолуу жерлер менен өткөндүктөн, көпчүлүк бөлүгү жөө адамдар басып бара албай турган жерлер болгондон кийин, биз тоонун кырындагы ашууларды, чегара өткөн агын суулардын кесилиштерин белгиледик. Кыскасы, адамдар бара ала турган жерлерге мамыларды орнотуп, чегаранын жер бетиндеги ордун тактадык. Ал эми көпчүлүк жерлер 5 миң метрден бийик, мөңгү каптаган кырлар болгондуктан, ал жерге мамыларды орнотуунун кажети жок экенин макулдашып туруп, 121 мамы менен ишти бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Орнотулган мамылардын ар биринин өзүнчө паспорту болуш керек экен. Ошонун баарын ишке ашырыш үчүн иштеп жатабыз. Ошол тактоонун негизинде - көпчүлүккө кызыктуу болуш керек айта кетейин - кыргыз- кытай мамлекеттик чегарасынын узундугун 1084 чакырым 280 метр деп тактадык. Азыр кыргыз-кытай чегарасынын узундугу такталды деп айтууга негиз болуп калды. Биздин болжол боюнча, 2004-жылдын биринчи жарымында демаркациялык протоколго кол коюлуп, бул иш ошону менен бүтөт деген оюбуз бар.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG