Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:05

КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАРГА КАРАТА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КӨП


Азиза Турдуева, Бишкек; Замира Кожобаева, Ош; Шейшекан Жаналиева, Каракол. Кыргызстанда бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка учураган аялдардын саны арбын. Коомдогу бул көрүнүштөн арылыш үчүн соңку мезгилде аялдардын бейөкмөт уюмдары, парламент тарабынан аракеттер жасалууда. «Коом жана турмуш» аттуу түрмөгүбүздүн кезектеги чыгарылышы ушул темага арналат. Берүүнү Азиза Турдуева алып барат.

Азиза Турдуева:
- Баарыбызга маалым болгондой, үй-бүлөдө аялдардын зомбулукка кабылышы көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат. Коомчулукта белгиленип келгендей, азыркы тапта аялдардын зордук-зомбулукка учурашын биринчи кезекте өлкөдөгү экономикалык абал, башкача айтканда аялдардын үй-бүлөдөгү экономикалык көз карандылыгы, алардын укуктун сабатынын жетишсиздиги шарттап жатат. Ал эми Аялдардын кризистик борборлорунун ассоциациясынын кызматкери Күмүшай Исмаилованын айтымында, аялдарга зордук-зомбулук жасалышынын түпкү себеби үй-бүлөдөгү тарбияда жатат.

- Мунун эң негизги тамыры – үй-бүлөдөгү тарбия. Эгерде бала үй-бүлөдө зордук-зомбулукту көп көрсө, эне-атасы бири-бирине жаман мамиле кылып, бири-бирин уруп-токмоктошсо, анда ошол бала кийин өз турмушуна, өз үй-бүлөсүнө ошол адатты алып келет экен. Бул нерсе анын эркинен тышкары да болуп кетет экен. Демек, үй-бүлөдө бала кандай тарбия алганы кийин анын үй-бүлөсүндө өкүм сүрө турган мамилелерге чоң таасир берет деп ойлойм, - дейт Күмүшай Исмаилова.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, аялдарга карата зордук-зомбулуктун себептеринин бири аялдардын негизги бөлүгү үй-бүлөсүнө экономикалык жактан көз каранды болгонунда.

- Аялдардын финансылык маселесин чечмейинче алар көз каранды болуп кала беришет. Эмне үчүн Европада, өнүккөн өлкөлөрдө ажырашуу көп? Анткени ал жакта аял өзүн-өзү багып кете алат. Өзүнүн кадыр-баркын, арнамысын сезет, коргой алат. Ал эми бизде ажырашкан аялдар үчүн көчөдө калуу коркунучу бар. Ошон үчүн биз аялдарга шарт түзүшүбүз керек. Эми экономика өнүкмөйүнчө, баары бир аларга кыйын болот, - дейт Өмүрбек Текебаев.

Палатанын депутаты Орозбек Дүйшеев да республикадагы оор абалды аялдардын зордук-зомбулукка дуушар болушун шарттаган факторлордун бири деп эсептейт.

- Бүгүнкү күндө зомбулук, теңсиздик көбөйүп келатат. Мунун баары бүгүнкү экономикалык шартыбызга байланыштуу. Турмуш оор болгон кезде, үй-бүлөдө да чыр-чатак көп болот, - дейт О. Дүйшеев.

Жакында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боромбаева биз менен ой бөлүштү. Ал гендер проблемасын дайым көтөрүп, аялдар маселелери боюнча бир нече республикалык жана эл аралык конференцияларды өткөрүп, соңку мезгилде аялдарга байланыштуу мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштеп келет.

- Токтокан айым, азыр аялдардын зордук-зомбулукка учурашы жөнүндө коомчулукта канчалык деңгээлде ачык айтылып жүрөт?

- Зордук-зомбулукка, маселен, басмырлоо, кемсинтүү, катуу тийүү жана ушуга окшогон маселелердин баары кирет. Албетте, зомбулуктан көбүнчө аялдар жабыр тартышат. Бизде бүгүнкү күндө көп үй-бүлөлөрдө зомбулук орун алып жүрөт. Бирок, тилекке каршы, эл ушул маселеден чыгуунун жолдорун ойлонбой атат. Биз муну моюнга албай жатабыз. «Зомбулук жок» деген пикирлер көбүрөөк. Чындыгында бүгүнкү күндө бизде зомбулук көп.

- Азыр өлкө боюнча үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам берүүчү кризистик борборлор түзүлгөн. Алардын ишине кандай баа берсе болот?

- Эми бул кризистик борборлор жоктон бар кылып, өздөрүнүн убактысын аябастан, жалпы гранттардын эсебинен мекемелерин ачып иштешүүдө. Алардын жардамдары миңдеген аялдарга тийип жатат. Ушул кризистик борборлордун ишине ыраазы болгондор көп. Эми ушундай кризистик борборлор бейөкмөт уюмдардын гана эсебинен эмес, мамлекеттин эсебинен да каржыланышы керек. Ал эми биздин өлкөдө мындай уюмдарды каржылоо маселеси каралбай келатат. Анткени бюджеттин тардыгынан бул маселе четте калып жатат.

- Ал эми жакында парламентте «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамдын кабыл алынышынын зарылдыгы эмнеде болду?

- Буга чейин бир да мыйзамда жок эле: эгерде кимдир-бирөө зомбулук жасаса, бири болсо зомбулуктан жабыр тартса, анан жабыр тарткан киши же башка уюмдардын өкүлдөрү же коңшулары барып билгизе турган болсо, ага сот аркылуу чара көрүлөт. Анын мыйзам бузууларына ылайык, кылмыш иши козголушу да мүмкүн.

Эми Кыргызстандын түштүк аймагындагы аялдардын зордук-зомбулукка учурашына байланыштуу жагдай тууралуу Оштогу кесиптешим Замира Кожобаева кеп салып бермекчи.

Замира Кожобаева:
- Аялзатынын зордук-зомбулук көрүшү өзгөчө түштүк аймагында кадыресе көрүнүш катары эле кабыл алынат. Кыз туулганынан баштап эле эркек баланын алдында ага бир аз басынтуу менен мамиле жасалганы көрүнүп эле турат. Ал эми үйдө күйөөсүнүн аялына кол көтөрүп уруп-сабаганын мен сурамжылаган эркектердин көпчүлүгү гана эмес, ошол эле күйөөсүнөн таяк жеп, көгала болгон аялдардын басымдуу бөлүгү мыйзам ченемдүү көрүнүш катары санашат. Мисалы, Ош шаарынын жашоочусу, 33 жаштагы Жамиля айым «күнөө күйөөсүнөн таяк жеген аялдын өзүндө» деп эсептейт.

- Үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышпай койбойт. Эркектин мушу болот. Аял тилин тартпаса, эркек эркектигин кылат. Акылдуу аялга катуураак сүйлөп койсо, ошол деле жетет. Түшүнбөгөн аял урса деле түшүнбөйт, - дейт Жамиля айым.

Ал эми 12 баланын энеси, турмуш курганына 50 жыл болгон Орозматова Умсун апа мындай дейт:

- Үй-бүлөнү сакташ, балдарды жетим калтырбаш үчүн биринчи аял киши аракет кылышы керек, бардык зордук-зомбулукка чыдаш керек. Аял киши сабырдуу болушу керек. Сабыр кылбаса, тиричилик кылыш кыйын. Мен да өз кезимде көп зомбулукту башымдан өткөрдүм, бирок чыдадым. Мына эми чалым менен балпайып төрдө отурабыз.

Ал эми үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка, кемсинтүүгө чыдабай ажырашып кеткен 28 жаштагы Назира айым азыркы жашоосу күйөсү менен жашаган күндөрүнө караганда жакшы экендигин айтты.

- Мени күйөөм күндө уруп, бар-жогуму көгала кылып, үйүмө кетирип жибере берет эле. Апам мага «чыдап жаша» деп, кайра алып келе берет эле. Менин 7 айлык боюмда бар кезде да катуу уруп, үйүм кетирип салган. Мен төрөп ооруканада жатканымда бир жолу да барган жок. Кайра жашайын деп аракеттендим. Бирок кайра эле мурдагыдай уруп-сабап, кордук көрсөтө берди. Акыры ажырашып кеттик. Азыр кызым менен жашайм. Мен тапкан акча баарына жетет, - дейт Назира айым.

Ош шаарындагы аялдардын кризистик борборунун кызматкерлеринин айтымында, түштүктө аялдарды уруп-сабоо, кемсинтүү башка чөлкөмдөргө караганда басымдуу болгону менен, аялдар бул борборлорго көп кайрылышпайт.

Азиза Турдуева:
- Сиздер Замира Кожобаеванын маалыматын уктуңуздар. Ал эми Ысыккөл облусунда аялдардын зордук-зомбулукка кабылган учурлары орун алгандыгы жөнүндө Ысыккөдөгү кабарчыбыз Шейшекан Жаналиевага сөз берсек.

Шейшекан Жаналиева:
- Облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, соңку мезгилде үй-бүлөсүндө кордук көргөн аялдар тартип коргоо органдарынан жардам сурап келген учурлар көбөйдү. Ошондой эле күнүмдүк кыйынчылыктын айынан ар кандай кылмыштарга барган аялдар да көбөйүүдө. Маселен, баңгизаттарга байланышкан кылмыштардын 30% кыз-келиндер жасашат. Ал эми үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылгандар тартип коргоо органдарынан башка кайрылаар жери жок. Кризистик борборлор болсо алардын көйгөйлөрүн чечип берүүгө чабалдык кылышат. Зордук-зомбулукка кабылышкан айрым аялдардын көйгөйлөрүн өз ооздорунан угуп көрөлү. Жетиөгүз районунун тургуну Турумкан Алпарова мындай дейт:

- Менин жолдошум каза болуп калгандан кийин мага кайынсиңдилерим кордук көрсөтө башташты. Жалгыз бир кызым бар. Жер иштетип жатам. Алар мени үйдөн чыгарып салууга аракет кылып атышат. Мен кызым менен кыйын абалда жашап атам. Эч жерден жардам албайм. Көп жерге арыздандым, бирок эч кандай жардам жок. Турмушум оор болуп атат.

Ал эми жетиөгүздүк Айнек аттуу жаш келин күйөөсүнөн кордук көргөнүн мындайча баяндайт:

- Күйөөм менен башында жакшы эле жашаганмын. Анан турмуштун оордугунан карыздарга батып кеттик, үйдөн ажырадык, квартирада жашап жүрдүк. Күйөөм мени күнүгө «акчаны сен жоготтуң» деп уруп-сабай баштады. Жалгыз балам менен үйдөн кууп чыккан. Азыр Казакстанда иштеп жүрөм. Энем кайтыш болгондо келе алган жокмун, акчанын жоктугунан. Азыр карыздардан кандай кутулаарымды билбейм.

Азиза Турдуева:
- Бул Ысыккөлдөгү кабарчыбыз Шейшекан Жаналиеванын сурамжылаган адамдардын пикирлери. Ал эми биз Бишкектен сурамжылаган эркектер «аялдарга жакшы мамиле кылыш керек» деген гана пикирлерин билдиришти.

Ибрагим Тагаев, жумушсуз:
- Эми аял - ыйык адам, аялдарга назик мамиле кылыш керек. Уруп-токмоктобош керек. Аялды сыйлаш керек, урматташ керек. Эгерде такыр эле түшүнбөсө, анда ажырашып кетиш керек.

Капар, Бишкектин тургуну:
- Аялга карата эң жакшы сөздөр гана айтылышы керек. Аялдар балдарды чоңойтот, үй-бүлөдөгү жумуштарды жасашат. Бул өтө кыйын, аны ар бир эле эркек түшүнө бербейт. Аялдарга жакшы мамиле жасаш керек.

Жеңишбек Сатыбалдиев:
- Эми аялдар - татаал адамдар. Аларга кандай мамиле жасаш керек экендигин да билбейсиң. Кээ бирде жакшы мамиле жасасаң да түшүнбөйт. Бирок акылдуу аялдар үй-бүлөдө чыр-чатакка да алып келбейт. Баарын түшүнөт. Аялдарга негизинен жакшы мамиле кылыш керек.

Сурамжылоого катышкан эркектер мына ушундай жоопторун айтышты. Бирок иш жүзүндө алар бул айткандарын канчалык деңгээлде карманышаарын, албетте, айтыш кыйын.

«Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жоюш үчүн коомчулукта кандай иш-чаралар жүргүзүлүшү керек?» деген суроого Аялдардын кризистик борборлор ассоциациясынын кызматкери Күмүшай Исмаилова мындайча жооп берди:

- Эми үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жоюунун жолу - биз мектептерге, жогорку окуу жайларына үй-бүлө тууралуу, зордук-зомбулук тууралуу сабактарды, атайын семинарларды киргизишибиз керек. Үй-бүлөдөгү тарбияны жакшыртышыбыз керек. Зордук-зомбулуктун алдын алууга аракет жумшашыбыз керек.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев болсо бул туурасында мындай дейт:
- Аялдарды урган эркектерге карата мамлекет чара көрүшү керек. Эркектер «коңшум же башка бирөө көрүп калса, мени соттошу мүмкүн, жоопкерчиликке тартышы мүмкүн» деп сезгендей болушу керек.

Сиздер «Азаттык» радиосунун «Коом жана турмуш» аттуу түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын уктуңуздар. Берүүнү алып барган Азиза Турдуева.
XS
SM
MD
LG