Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫ КЫШКА ДАЯРБЫ?


Б.Досалиева, К.Оторбаев, А.Исмаилов, Бишкек; К.Култегин, Ош; К.Усупов, Нарын. Назарыңыздарды «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык программабызга бурабыз. Бүгүнкү уктурууну Бүбүкан Досалиева алып бармакчы.

Бүбүкан Досалиева:
- Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар! «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык программабызды бүгүн «Кыргызстандын калкынын кышка даярдыгы кандай?» деген маселеге арнайлы деп чечтик. Себеби, бул маселе - кары-жашы дебей бүтүндөй калкты бушайманга сала турган олуттуу маселелердин бири. Ал коомдогу ар кандай көз караштардын, пикирлердин жаралышына өбөлгө түзүп, аткаруу бийлигинин аракетин ачыкка чыгарат. Ошондуктан, уктуруунун продюссери жана алып баруучусу катары мен, Ош облусундагы кабарчыбыз Кожогелди Култегин, Нарын облусундагы кабарчыбыз Күмөндөр Усупов жана Бишкектеги кабарчыларыбыз Кубат Оторбаев менен Алтынбек Исмаилов болуп бул маселеге чогуу саресеп салууга аракет кылдык.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев өткөн жума күнү, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында берген маалыматка караганда, быйыл Кыргызстандын кышка даярдыгы жакшы. Көмүр менен элди камсыз кылыш үчүн бардык райондорго «теңдештирилүүчү грант» деп аталган каражат берилди. Бишкек ТЭЦине зарыл көмүр ташылып жатат. Казакстандан 15 миң тонна мазут алып, анын 10 миң тоннасын Бишкек ТЭЦине, 5 миң тоннасын Ош ТЭЦине берүү чечилген. Өзбекстандын өкмөт башчысы Уткир Султанов берген убадасына так турса, быйыл «газ өчөт» деген көйгөй болбойт. Ал тууралуу Николай Танаев мындайча билдирди:

- Газ болот. Бирок газ үчүн акысын төлөшүбүз керек. Биз Өзбекстанга материалдык ресурстар боюнча 9 млн. 300 миң доллар карыз болуп калдык. Бирок бул боюнча бизден күнөө кеткен жок. Өзбекстандын ишканалары кандай товар ала тургандыгын ич ара кайра-кайра талкуулап атып, бир жума мурун гана чечишти. Биз да бере турган товарлардын тизмесин түздүк. Аны 2-3 күндүн ичинде берип, эсептеше баштайбыз. Ал эми өлкө ичинде газ жаккандар акысын төлөөгө милдеттүү. Акысын төлөшсө газ өчүрүлбөйт. Эгер төлөшпөсө, албетте, өчүрүлөт. 2004-жылга газ алуу боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өкмөт башчысы «кышка даярдык жакшы» деп ынандырганына карабастан, калк отун, көмүр менен толук камсыздалбай, «кыштын көйгөйү катуу болобу» деп түпөйүл тартып турат. Буга Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Айбек Түмөнбаевдин селектордук жыйында айткан төмөнкү маалыматы күбө:

- Калкты отун менен камсыз кылуу Ысыккөл облусунда катуу аксап жаткандыгы байкалууда. Ал жерде зарыл көмүрдүн 64% гана камдалды. Жалалабадда эл көмүр менен 72%, Таласта 65%, Баткенде 75%, Бишкекте 88% камсыз болушту. Өкмөттүн кышка даярдык көрүү тапшырмасы боюнча Бишкек ТЭЦине 591 миң көмүр алынып келиш керек болчу. Апрель айынан ноябрдын ортосуна чейин 332 миң гана тонна алынып келип, көмүр менен 56% эле камсыз болду. Мунун 304 миң тоннасы - Казакстандан алынган көмүр. Ал эми өзүбүздүн Каракечеден көмүр алып келчү мекемелер тапшырманы 19% гана орундатышты.

Мындай көйгөйлүү абалдын азабын кышы айрыкча катуу Нарын облусунун тургундары азыртан эле тарта башташты. Нарындагы кабарчыбыз Күмөндөр Усупов Нарын шаарынын жана анын айланасындагы айыл тургундарынын үйлөрүн аралап, алардын кышка камылгасынан кабар алган эле. Азыр анда кепти Күмөндөр Усупов уласын.

Күмөндө Усупов:
- Учурда Теңиртоо жергесинде кыш өкүмүн кадимкидей жүргүзө баштады. Нарын гидрометеорологиялык борборунун маалыматы боюнча, 20-ноябрда сууктун күчү - 15 С° чейин төмөндөдү. Натыйжада 22-ноябрга чейин Нарын шаарында эки киши сууктан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Ички иштер башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, экөө тең көчөдө түнөп калышкан. Облустук администрациянын башкы адиси Алмаз Койчумановдун маалыматы боюнча, облустун кыштан чыгышы үчүн 45443 тонна көмүр зарыл. Ноябрь айынын тең ортосуна чейин зарыл көмүрдүн 78% камдалды.

Ал эми социалдык жактан коргоого муктаж адамдар үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен облус боюнча 1628 тонна көмүр ташылышы керек болсо, анын 53% гана камдалган. Ушундан улам бул категорияга кирген адамдардын кыйласы көмүргө жете элек. Алардын бири, пенсионер Шарипа Уйгакова «үйүмө көмүр түшүп калаар» деген үмүт менен жашап жатат.

- Суук болуп, чоң үйдү бекитип салгам. Социалдык жардам алчу элем. Эки жылдан бери берилбей жатат. «Көмүр жок, акча которулбай жатат» деп жатышкан. Жакында барсак «кезек менен аласыңар, 4-кезекте турасың, түшүргөндө аласыңар» дешти. Эми ал бизге тиеби же тийбейби, анысына ишене албай турам, - дейт ал.

Нарын шаарындагы тургундарды камсыз кылуудагы башкы көйгөйлөрдүн бири - шаарда туруктуу көмүр базасынын жоктугу. Ал тууралуу Нарын райондук тез жардам станциясында фельдшер болуп иштеген Айбек Усукеев мындайча маалымдады:

- Нарын облусунда көмүр сактала турган отун базасы жок. Бул азыркы учурдагы көйгөйлүү маселенин бири. Көмүрдү жеке менчик ишкерлер машине менен кымбат баада сатып атышат. Аны алууга элдин баарынын мүмкүнчүлүгү жок.

Бүбүкан Досалиева:
- Рахмат, Күмөндөр. Кышка даярдыктын начардыгы Нарын гана эмес, Ош облусунда да катуу сезилүүдө. Өзгөчө Ош шаарынын тургундары газ менен электр жарыгынын азабын тартып атышат. Анын себептерин облустагы кабарчыбыз Кожогелди Култегин иликтөөгө алган эле.

Кожогелди Култегин:
- Оштун эли кышка быйыл абдан чочулоо менен кирип жатат десек болот. Газ Ошко Өзбекстандан Фергана өрөөнү, өзүнчө куур аркылуу келгендиктен, Өзбекстан газдын басымын каалагандай азайтып, өчүрүп коюуну адатка айлантты. Маселен, 6-ноябрдын кечинде газдын басымы таптакыр азайтылып, Ош аймагы 8 күн бою чай кайната албай отурду. Ѳзбекстан тарап газды эч кандай макулдашуусуз, эскертүүсүз эле өчүрүп салып жатат. Газды өчүрүүгө Өзбекстан акылуу экен. Анткени Кыргызстан Өзбекстанга газ үчүн карыз. Ош шаарынын да карызы абдан чоң. Ал тууралуу Ош газ чарба башкармалыгынын жаратылыш газын таркатууну каттоо бөлүмүнүн башчысы Шавкат Кенжебаев мындай деди:

- Азыркы күндө башкармалык боюнча 75 млн. 992 миң сом карыз бар. Мындан калктын карызы - 72 млн. 445 миң сом. Андан тышкары, өнөр жай ишканаларынын карызы - 2 млн. 957 миң сом. Коммуналдык тейлөө мекемелериники - 434 миң, бюджеттик мекемелердики - 82 миң сом.

Демек, Өзбекстан Оштун газын жаап салышына толук негиз бар. Ал эми Ош шаарынын мэриясы «1-ноябрдан тартып шаарга жылуулук берилсин» деген буйрук чыгарган. Ага карабастан, 23-ноябрга чейин жылуулук шаарга толук берилген жери жок. Сүрүштүрүп көрсөк, чыгымды үнөмдөө максатында жылуулук кечиктирилип жатыптыр.

Ош шаарын электр жарыгы менен камсыз кылуу да начар болчудай. Азыркы ноябрь айында шаардын Исанов, Ак алтын, Демократ жана Абай көчөлөрүнүн 1400 тургуну бир нече жумалап электр жарыгысыз жашап жатышат. Ал эми Ош облусунун калкын көмүр менен камсыз кылуу 82% түзгөндүгүн премьер-министр өткөргөн селектордук кеңешмеде облустун губернатору Накен Касиев жарыя кылды. Ушул фактылардан улам Ош облусунун эли кышка чочулоо менен кирип жатат деген ойдобуз.

Бүбүкан Досалиева:
- Рахмат, Кожогелди. Кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз болуу көйгөйү Кыргызстандын айыл жерлеринде гана эмес, борборунда да башкы маселе. Айрыкча шаардын чет-жакасында жайгашкан 25 жаңы конуштун көмүрү жок, үйүн жалаң электр энергиясы менен жылыткан тургундарынын абалы оор. Кабарчыбыз Алтынбек Исмаилов жаңы конуштарды аралап, андагы элдин ушул жагдайдагы абалы менен таанышты эле. Алтынбек, анда сөздү сиз уласаңыз.

Алтынбек Исмаилов:
- Кашкабаш, Сарбан жана Жал айылдарында абал өтө оор. Электр жарыгы бат-бат өчүп, отун-суусу жок зар какшап олтурган үй-бүлөлөр арбын. Андыктан жогоруда аталган айылдын айрым тургундарынын пикирин уксак:

Манапбек Осмонов, «Арчабешик» жаңы конушунун тургуну:
- Бизде баары жакшы, отун-суубуз бар, жарык бар.

- Жарык өчпөйбү?

- Көптөн бери өчө элек. Бул жерде электриктер жакшы иштейт.

Айдаралиев Максат, Чоңарык айылынын тургуну:
- Бизде кышка карата камылга жакшы эле болуп атат. Кышында жарык өчүп калаарын билебиз, ошондуктан отун-сууну жайында эле камдап алабыз. Бүгүн жарык өчүп калды, бирок кайра бат эле оңдошот деп ойлойм. Жарыгыбыз анда-санда, бир айда 3-4 жолу өчөт.

Шуругүл Абдырахманова, Жал айылынын тургуну:
- Кышка карата камылгабыз деле жок. Эптеп-септеп огороддогу тал-палды кыйып алганбыз. Анан кичине тезек кылганбыз, көмүрүбүз жок.

- Өкмөт тарабынан жардам берилчү беле?

- Өкмөт өзүн багалбай жатса, бизге кайдан жардам бермек эле?!

Аманулло:
- Суу жок, отун да жок. Алмабыздын баарын жагып алдык. Азыркы убакта улам жарыкты өчүрүп коюп атышат. Жалаң эле биздин айыл эмес, кошуна айыл дагы, кошуна район дагы, көпчүлүк элдин баары кыйналып атат. Элдин башына түшкөн кыйынчылык болду го бул...

Бүбүкан Досалиева:
- Рахмат, Алтынбек. Жогорудагы маектерден дайын болгондой, борбор болобу, айыл жери болобу, айтор калктын көмүр, электр энергиясы боюнча тарткан азабы аз эмес. Ушундан улам Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашев «элди «газ болот» деп алдабай, өкмөт элге «өзүңөрчө кам көргүлө» деп айтууга милдеттүү» деген ойдо.

- Газ боюнча акыбал дагы эле оор. Анткени бүгүнкү күнгө чейин газ боюнча келишим жок. Келишим - бир жагы. Андан тышкары, биздин Өзбекстанга 12 млн. долларга чейин карызыбыз бар. Ошондуктан өкмөт элге коркпой эле «быйыл газ болбойт» деп айтып коюуга тийиш. Элди кычыраган кыш келгенде көмүр издетпеш үчүн «анча-мынча отун даярдап алгыла, көмүр алгыла, газ жагып жатканыңар болсо, электр же башка отунга өткүлө да, быйылкы кыштан чыгып алгыла» деп, ушу таптан айтууга мезгил келди, - дейт Тайырбек Сарпашев.

Ал эми энергетика тармагында түзүлгөн кризистик кырдаалды оңдош үчүн Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши электр энергиясын уурдоону азайтуу милдетин алдыга койгондон бери Башкы прокуратура баштаган күч органдары карызды өндүрүү аракетин күчөттү. Бирок ошондой аракеттерге карабастан, «тармактагы кырдаал оңолуп кетпейт» деген пикир эл арасында арбын. Айрым байкоочулардын баамында, буга бирдиктүү «Кыргызэнерго» компаниясын реструктуризациялап, аны өз алдынча иштөөчү 6 акционердик коомго бөлүү нук салган. Бул маселени кабарчыбыз Кубат Оторбаев иликтөөгө алган эле. Анда, Кубат, сөздү сизге берейин.

Кубат Оторбаев:
- Ырахмат, Бүбүкан айым, бирок мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү ««Кыргызэнергону» реструктризациялоо туура болду, азыркы кыйынчылыктар мурдатан топтолгон көйгөйлөрдүн каскагы болду» деп жатышат. Маселен, Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Анатолий Макаровдун сөзүнө караганда, «Кыргызэнергону» бир нече компанияга бөлүү менен тармактын кайсы бөлүгү аксап жатканына туура баа берүүгө шарт түзүлдү.

- «Кыргызэнергону» кайра түзүүнүн биринчи максаты – тармакка базар мамилелерин, атаандаштык ыкмаларын киргизүү, ишти жакшыртуу болчу. Экинчи бир максат – тармакка инвестиция тартуу эле. Анткени азыр негизги жабдуулар, айрыкча бөлүштүрүүчү тармактагы жабдуулар эскирип калды. Аларды жаңылаш үчүн энергетика компанияларында да, өкмөттө да андай чоң акча жок, - деген пикирде Анатолий Макаров.

Коомдо ««Кыргызэнергону» реструктуризациялоо менен өкмөт негизги маселени – жагылган электр энергиясынын акчасын кантип жыйнап алуунун жолун чечкен эмес» деген пикирлер да бар. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун айтымында, электр энергиясы жана жылуулук үчүн топтолгон 2,5 млрд. сомго жакын карызды прокуратура, милиция сыяктуу күч органдарынын жыйнай баштаганы тармактын алган багытынын туура эмес жолдо баратканын айгинелеп турат.

- 12 жылдан бери базар экономикасын түзүп бүткөндөн кийин прокурорлор баш болуп, губернаторлор төш болуп электр энергиясынын акысы үчүн чуркап жүргөнү тармактын туура эмес түзүлгөнүн, туура эмес иштеп жатканын айкындап турат. «Кыргызэнергону» бөлөөрдөн мурда негизги маселени - өндүрүлгөн электрдин акчасын жыйноонун жолдорун ойлош керек эле. Азыр жоготуулардын санын карап көрсөңүз, Токтогул ГЭСи жөн эле бекерге иштеп атат. А биз болсо 460 млн. сомду быйыл эле жумшап, Камбарата-2 ГЭСин курганы жатабыз. Бирок түпкүлүгүндө негизги маселе чечилбей жатат, - дейт Акылбек Жапаров.

Чын эле, азыр пайдаланылган электр энергиясынын акчасын жыйноо иши башкы маселеге айланган чак. «Электр станциялары» акционердик коомунун башкы директору Сагынбек Дордоевдин айтымында, быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүүчү компаниялар 1 млрд. 700 млн. сом карыз. Башкача айтканда, жыл башынан бери карыздын көлөмү 800 млн. сомго жакын өскөн.

- «Электр станциялары» кышка оор шартта даярданып жатат. Биринчиден, электр энергиясына жана жылуулукка акча төлөнбөй жатат. Экинчиден, жыл болуп көрбөгөндөй жаанчыл болду. Бөлүштүрүүчү компаниялардын бизге болгон карызы быйылкы жылдын 8 айында 56,7% өстү. Июндан тартып нак акча менен төлөгөндөрдүн да саны азайууда, - дейт Сагынбек Дордоев.

Сагынбек Дордоев жетектеген «Электр станциялары» акционердик коому жылды чыгаша менен жыйынтыктаганы турат. Идея боюнча товарды, так айтканда, электр энергиясын жана жылуулукту өндүргөн компания жылды киреше менен аяктап, байып чыгышы керек эле. Башкача айтканда, ГЭСтердин эскирген жабдууларын жаңылап, андан ашкан акчага жаңы ГЭСтер курулушу керек эле. Ошондон улам талдоочулар «Деги «Кыргызэнергону» кайра түзүүнүн кандай зарылдыгы бар эле?» деген жыйынтыкка келишүүдө.

Бүбүкан Досалиева:
- Рахмат, Кубат. Албетте, бул жагдай кандай натыйжа алып келээри «Кыргызэнергону» өзгөртүп түзгөн өкмөткө белгилүүдүр. Бирок көмүр менен электр энергиясынын жетишсиздиги, болсо да элдин көбү аларды сатып алууга кудуретсиз болуп атканы Кыргызстандын көп тармактарына терс таасирин тийгизип, маселен, айлана-чөйрөнү коргоо проблемасын жаратты. Отунсуз үшүгөн калк айлана-тегеректеги тал-теректерди аеосуз кыйып, азыр такырайып калган жерлер аз эмес. «Мунун табиятка тийгизип жаткан таасири кандай?» деген суроонун айланасында Кыргызстандын Токой кызматынын укук жана токойду коргоого көзөмөл салуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бейшеев Бакыт менен кыскача маек курган элек.

- Бакыт мырза, биздин маалымат боюнча токой чарбасы жараксыз карагай-талды кыйып, элге отун даярдап берүүгө милдеттүү. Жыл сайын канча отун даярдалат?

- Кыргыз Республикасынын Токой кызматынын токой чарбалары тарабынан жылына 30-35 миң куб отун даярдалат. Ал санитардык негизде жана токойлорду багуунун негизинде кыркылат. Даярдалган отун жергиликтүү элге берилет. Андан тышкары, 3 жылдан бери Чегара кызматын камсыз кылып жатабыз.

- Ошого карабастан, кийинки кезде бардык жерде эл тал-теректерди аеосуз кыйып жатат. Бул тууралуу кандай маалымат бере аласыз?

- Биздин токой фондунун тармагында тескери көрүнүштөр жок эмес. Атап айтсак, өткөн 9 ай ичинде 2827 акт түзүлүп, ал алып келген зыяндын көлөмү 4 млн. 493 миң 700 сомду түздү.

- Мындай тартип бузуулар өлкөнүн кайсы аймагында көбүрөөк болуп жатат?

- Ал республиканын бардык жети облусунун тең аймагында бар.

- Буга негизги себеп эмне?

- Негизги себеби - көмүрдүн жоктугу, электр энергиясынын азайганы. Ал боюнча көзөмөл катуу болуп жатат. Эл өз алдынча барып, тал-теректерди кыйып, отун даярдап жатышат.

- Кийинки жылдары айрыкча чоң жолдордун боюна тигилген бак-дарактар көп кыйылууда. Адистик көз караштан алганда бул экологияга терс таасир тийгизеби?

- Тийгизбей койчу беле? Жол жээгиндеги бак атайын тигилгенден кийин, аны кыюуга болбойт. Аны жергиликтүү эл түшүнбөстөн, бир күндүк кызыкчылык менен өтө зор зыян келтирип жатышат.

- Ал эми «эл бак-дарактардын баарын кыйып жатат, көмүр, отун менен өз убагында камсыз кылыш керек» деген сунуш-пикирлер өкмөткө айтылып турабы? Мындай абалдан чыгыш үчүн кандай аракет болушу зарыл деген ойдосуз?

- Токой чарбасына абдан жаман зыян келтирилип жатат. Муну жалгыз эле токой чарба кызматкерлери эмес, жергиликтүү бийликтер да карашы керек. Бул элдин байлыгы да. Эл өзү сакташ керек. Биз маалыматтарды берип турабыз. Бул жалпы социалдык-экономикалык өнүгүүгө зарыл маалымат болгондуктан, ар бир регион боюнча үч ай сайын маалымат берип турабыз.

- Демек, быйылкы кышта да далай жердеги тал-теректер кыркылбайт деген ишеним жок экен да. Маегиңиз үчүн рахмат.

Сиздер «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык түрмөгүбүздүн кезектеги чыгарылышын уктуңуздар. Бүгүнкү түрмөгүбүздө «Кыргызстандын калкынын кышка даярдыгы кандай?» деген суроонун айланасында сөз жүрдү. Уктурууну мен, Бүбүкан Досалиева, алып бардым. Саламатта болуңуздар.
XS
SM
MD
LG