Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Жак Ширак Ирактагы бийликти ирактыктарга берүү планына баасын айтты


Британия премьер-министри Тони Блэр жана Франция президенти Жак Ширак Евробиримдиктин аскерий кубаты НАТО альянсына зыян келтирбесе керек деп санашат.
“НАТО биздин коргонуу системабыздын негизи бойдон кала берет”,- деп билдирди Блэр дүйшөмбү күнү Лондондо өткөн британиялык-франциялык саммиттен кийин.
Бирок, эки лидер чогуу жасаган билдирүүдө Евробримдик курамына 1,5 миңдей аскер кирген, согушка жарамдуу күчтү кризис болгон аймакка 15 күндүн ичинде жайгаштырууга даяр болушу керек деп көрсөтүлөт.
Блэрдин айтышынча, ЕБга толук укуктуу мүчөлүк жана Лондондун Вашингтон менен болгон өзгөчө карым-катнашы - Британиянын тышкы саясатынын эки түркүгү эсептелет.
Лидерлер Ирактагы жагдайды да талкуулашты.
Жак Ширак Вашингтондун бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү планын оң кадам, бирок, али бүтө элек иш деп баалады:

- Башкарууну жана бийликти Ирак элине берүү негизинен жакшы иш. Бирок, бул жөнүндө менин пикиримди сурасаңар, мен чынын айтсам, мага жараян өтө эле узакка созулуп кеткендей жана аягы көрүнбөгөн иш сыяктанат.

XS
SM
MD
LG