Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

ТҮРКМӨНСТАН: БЫЛТЫР НИЯЗОВГО ЧЫН ЭЛЕ КОЛ САЛУУ АРАКЕТИ БОЛДУ БЕЛЕ, ЖЕ АЛ - ОЙДОН ЧЫГАРЫЛГАН ОКУЯБЫ?


Мындан бир жыл илгери түркмөн президенти Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракети делген чуулгандуу окуя болгон эле. Чын эле кол салуу аракети болгонбу, же расмий Ашгабат оппозицияны ойрон кылуу үчүн бул окуяны өзү эле ойлоп тапканбы? Бул суроого таасын жооп Түркмөнбашынын доорунда табылаары күмөн.

Мындан бир жыл илгери, ноябрдын 25инде, Түркмөнстандын ордо шаары Ашгабатка капсалаң түштү да калды. Бийликтердин маалымдашынча, дал ошол күнү эгемен Түркмөнстандын мамлекет башчысы Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салууга “дааган” кишилер чыккан экен. Бул окуя тууралуу кийинчерээк президент Ниязовдун өзү да саймедирлеп айтып берген:

- Таңкы саат жети болчу. Мен шаарды аралап келатсам, машинемдин артынан КамАЗ пайда болду да, ал жолду туурадан кесип туруп калды. МАИнин машинеси алиги КамАЗга жакын токтоду. Мен аларга анча этибар кылбай, ишиме кете бердим. Кийинчерээк мага ошондо ок атуулар болгонун кабардашты. КамАЗдагы жана башка БМВ менен дагы бир жеңил машинедеги кишилер чыга калышыптыр да, ок ачышкан экен.

Түркмөн бийлиги оппозицияны бул окуяга байланыштуу айыптап чыкты. Укук коргоочулардын айтымында, өлкөдө бери дегенде 200дөй киши камакка алынды, алардын 100дөн ашууну ар кыл түрмө жазасына кесилди. Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аракетин уюштургандар катары айыпталган төрт саясатчы - бир кезде өкмөттө ири кызматтарда иштеп, кийинчерээк оппозиция тарабына өткөндөр эле. Алардын бири – мурдагы айыл чарба министри Сапар Ыклымов, экинчиси - мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов. Өлкөнүн Анкарадагы мурдагы элчиси Нурмухаммед Ханамов менен улуттук банктын мурдагы жетекчиси Худайберды Оразов да “башкы уюштуруучулар” катары “кара тизмеге” алынган.

Бирок кол салуу окуясы тууралуу расмий бийлик өкүлдөрү айткан жоромолдор улам бири-бирине кайчы келип, деги мындай кол салуу аракетинин өзү жүзөгө ашырылды беле? – деген шектенүүнү да жаратты. АКШдагы Түндүк Каролина университетинин профессору Стивен Сэйбол:

- Менин оюмча, өзүм талдап көргөн жагдайларга караганда, Шихмурадов, Ыклымов же Оразовдор бул окуяны уюштурду деп айткан Ниязовдун сөзү ынаным туудурбайт, анткени бул кишилер бозгунда жүрүшкөн. Менимче, өлкөнүн ичиндеги эле кишилер, жакынкы кездерде коопсуздук министрлигиненби, ички иштер министрлигиненби, же айыл чарба министрлигиненби, айтор, кызматынан кеткен кимдир-бирөө муну жүзөгө ашыргандай.

Оппозиция лидерлеринин баары тең өздөрүнө карата коюлган расмий доону четке кагышкан. Бирок абактагы Борис Шихмурадовдун “бул кылмышты уюштурганын мойнуна алаары” тууралуу билдирүүсү былтыр 29-декабрда өкмөттүк сыналгыдан көрсөтүлдү. Түркмөн Жогорку соту Шихмурадовдон тышкары, бозгундагы Оразов менен Ханамовду да 25 жылдык абакка сыртынан кести. Быйыл январ айында дагы 17 киши ар кыл мөөнөткө абакка кесилишти.

Укук коргоочулар бул сот жараяндарын адилетсиз деп айыптап чыгышты. Адам укуктарын коргоо боюнча Эл аралык Хелсинки федерациясынын аткаруучу деректири Аарон Родес расмий Ашгабат уюштурган сот жараяны ишенимге эч татыбай турганын “Азаттыктын” кабарчысына мындай деп баса белгиледи:

- Бул жараяндын бүтүндөй сценарийи өтө көп маселе боюнча күмөн туудурат. Доого кабылгандардын кадыр-баркы сакталгандай укуктук адилет жараян камсыз кылынбагандай туюлат. Айыпталып жаткандарга адвокаттык коргоо камсыз кылындыбы? Бул сот жараяндары байкоочулар үчүн ачык болдубу? Деги сиз аларды соттогондор көз каранды эмес сот бийлигине ээ деп айта аласызбы? Мен антип айта албас элем.

Быйыл сентябрда Прага шаарында бозгунчулукта жүргөн түркмөн оппозиция лидерлери өздөрүнүн алгачкы биргелешкен жыйынын өткөрүп, авторитардык режимин орноткон Түркмөнбашыны кызматтан кетирүү зарылчылыгын талкуулашты. Алардын оюнча, бул милдет Ниязовдун өмүрүнө кол салуу аркылуу эмес, тынч жолдор менен жүзөгө ашырылышы керек.
XS
SM
MD
LG