Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

МАГАТЭ ИРАНДЫН ИШИН КАЙРА ТАЛКУУЛАЙТ


Шаршемби күнү атом энергиясы боюнча эл аралык мекеменин – МАГАТЭнин жетекчилиги кайрадан жыйынга чогулат. Башкаруучулар кеңеши Иранга байланыштуу резолюциянын макулдашылган долбоорун карап чыгышат. Документтин талаш-тартыш туудурган бир катар пункттары боюнча Британия, Германия жана Франция,маалымат каражаттарында пайда болгон кабарларга караганда, Кошмо Штаттары менен мунаса тапканга жетишти.

Өткөн аптанын этегинде Ирандын атомдук программасына байланыштуу маселени талкуулап,МАГАТЭнин башкаруучу кеңеши бир жаңсыл чечимге келе албай койгон эле.Европанын үч өлкөсү – Франция, Германия жана Британия биргелешип даярдаган резолюциянын долбооруна Кошмо Штаттары кескин каршы болгон. Вашингтон соңку он сегиз жыл ичинде Тегеран ядролук куралдарды таркатпоо келишимин бир нече курдай бузгандыгын эске салып, бул фактыны жөн-жай калтырып койгонго болбойт деп эсептейт. Ошондуктан долбоордун текстинде Тегеран келечекте дагы ушундай кадамга бара турган болсо токтоосуз түрдө жазаланарын так көрсөткөн атайын пункт болушун талап кылган. Европалык өлкөлөр болсо мындай чечим Иранды изоляциялоого алып келиши ыктымал деп чочулап,соңку кездерде Тегеран МАГАТЭ менен активдүү кызматташа баштагандыгын жана бул мамилени сактап калуу зарылдыгын белгилешкен.

Талашкан тараптар соңку беш күн ичинде жүйүр консультацияларды жүргүзүп,акыры өз ара мунасага келишти. Натыйжада Иранга бир катар шарттарды койгон жоболор текстке киргизилмек болду. Алардын биринде, асыресе, кокус Тегерандын кандайдыр бир кыңыр-кыйшыны билинчү болсо маселеге ООНдун коопсуздук кеңеши кийлигише тургандыгы айтылат. Мындай сомоло, байкоочулар белгилешкендей, Вашингтон мурда талап кылган катаң жоболорго караганда бир кыйла алпейим угулат. Текстте ошону менен бирге европалыктардын позициясы да сакталып калат. Атап айтканда, Иран МАГАТЭ менен толук өлчөмдө кызматташса Тегеран мунун эсесине европалыктардын кеңири жардамын алат.

Эл аралык иликтөөлөр боюнча Лондондогу институттун директору Кэри Сэмо жетишилген мунаса Вашингтон менен европалыктар үчүн бирдей утуш болду деп баалады. Бул чечим аталган маселеде Батыш альянсынын күч-аракетин бириктиргенге жана Иранды МАГАТЭ менен кызматташтыгын улантканга мажбурлаганга мүмкүндүк берет.

Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Акбар Салехи мунасалуу долбоорго алымсынгандыгын ырастап, документте ООНдун коопсуздук кеңешине Тегеран өкмөтүн тикелей “эрөөлгө” чакырганга таасын механизм берилбегендигин белгиледи. Айрым дипломаттар долбоор эми шаршемби күнкү жыйында кабыл алынат дешет. Бирок МАГАТЭнин өкүлү документти комментариялагандан баш тартып, азырынча ал болгону долбоор гана экенин эске салды.

МАГАТЭлик эксперттердин корутунду отчетунда Иран атомдук курал түзгөнгө жең ичинен аракет кылганы айтылып, бирок мунун таныктары табылбагандыгы белгиленген эле. Айрым эксперттердин, алардын ичинде эл аралык кризис тобунун Жакынкы Чыгыш боюнча программасынын директору Роберт Мэллейдин көз карашында Иран өзүн региондо ишенимдүү өнөктөрү жок, бирок душманы көп деп эсептейт. Ошондуктан алдуу-күчтүү душмандардын, айрыкча АКШ менен Израилдин коркунучун ооздуктоо үчүн азыркы аскери камылгасын жетишсиздей көрөт. Ошол эле учурда Тегеран массалык кыргын куралдарына ээ болсо региондогу өлкөлөр Батышка, өзгөчө Кошмо Штаттарына ыктап, Иранга кырын салып каларын да жакшы билет.

Вашингтондогу улуттук коргонуу университетинин профессору Рэй Тэкий бул проблеманын чечилиши, биринчиден, Вашингтон менен Тегерандын келечектеги алакаларына, экинчиден, региондогу коопсуздук системасына, акырында Ирандагы бийликтин насилине жараша болот деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG