Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

ИВАНОВДУН ДИПЛОМАТИЯЛЫК САПАРЫНАН КИЙИН ОРУСИЯ ГРУЗИЯДАГЫ ОКУЯЛАРГА АСТЕЙДИЛ НАЗАР САЛУУДА


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Грузиядагы буга чейинки расмий бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн беттешүүсүндө жана Шеварднадзенин президенттиктен чегинүүсүнөн кийинки коопсуздук кепилдигин алуусунда Орусия тышкы иштер министри Игорь Ивановдун ролу өзгөчө болду. Грузия менен Орусиянын ортосундагы акыркы жылдардагы ич-ара таарынычка карабастан, Ивановду Грузия калкы жылуу кабыл алды. Анткен менен расмий Москва Ивановдун дипломатиялык ийгилигинин болочогун кооптонуу менен кабыл алып жаткандай.

Орусия менен Грузиянын акыркы жылдардагы ич-ара карым-катнаштары бир калыпта өнүккөн жок. Грузиянын Батышка карай багытталган ачык саясий позициясы көп учурда Орусия тарабынан сынга алынып келген. Бирок, өткөн ишемби түнү Грузиядагы баш аламандык орус саясатчысынын күчү менен токтотулгандыгын, айрым байкоочулар, эки мамлекеттин мамилелеринде пайда болгон жылуулук катарында баалашты. Игорь Иванов (Igor Ivanov), Орусиянын тышкы иштер министри, Грузия Парламентинин маңдайында сүйлөгөн сөзүндө Орусия Грузиянын ички чатагына кийлигишпей тургандыгын билдирген. Анда Иванов бул чатакты чечүүдө грузиялык саясатчылардын мыйзам чегиндеги чараларын Орусия колдой тургандыгын айткан эле.

Орусиялык министрдин сөзү Парламент маңдайына топтолушкан грузин оппозициясынын жактоочулары тарабынан кол чабуулар менен кабыл алынган. Оболу оппозиция жетекчилери Ивановдун Шеварднадзе жана оппозиция өкүлдөрүн бет маңдай олтургузуп, өз ара сүйлөшүүсүн уюштуруудагы аракетин сактык менен кабыл алышкан. Эми Грузия президентинин кызматын убактылуу аткарып жаткан Нино Буржанадзе (Nino Burdzhanadze), ошондой эле оппозиция жетекчилеринин бири Михаил Саакашвили (Mikhail Saakashvili) «Грузия Орусиянын насааттарын угууга толук даяр экендигин» айтышууда. Буга чейин Орусия Грузиянын бир катар оппозициячыл күчтөрү тарабынан ортомчу эмес, жалпы региондун туруктуулугун бузууну каалаган күч катары таанылып келген.

Ал эми Орусия Грузияны чечен жикчилерин колдойт деп ачык эле айыптап келген жана атуулдардын ич-ара каттамында визалык режимин киргизген. Андан сырткары, грузин армиясынын АКШдан каржылык колдоо алышын жана НАТОго мүчөлүккө умтулуусун расмий Кремль жактырбаганы маалым.

«Ушуларга карабастан Орус тышкы иштер министринин бул жолку дипломатиялык ыкмасы Орусия саясатында терең өзгөрүүлөр пайда болгондугун тастыктады», - деп эсептейт саясий серепчи Андрей Пионтковский (Andrei Piontkovsky):

- Бул жолу биздин дипломатия ийгилик жарата алды. КМШ алкагындагы ар бир эле жумурияттын тышкы саясатындагы Батышка же Орусияга нук алган багыт деп экиге бөлүп таануу аракетинин өзү Орусия саясаты тарабынан кетирилген ири катачылык деп билем. Бул катасын орус дипломатиясы Грузиядагы чатак учурунда жойо алды. Эмне үчүн Путин же Иванов биздин (Орусиянын. - автор.) Европага карай багыт алганыбызды эркин айта алышат да, эгерде Грузия же Украина тараптан бул өңдүү сөз болсо, ошол эле убакта муну Орусияга каршы бурулган багыт деп табышат. Мындай болбошу керек.

Пионтковскийдин баамында, Грузиядагы окуяларды Орусия менен АКШ жетекчилеринин биргеликте жүргүзгөн саясатынын жемиши катарында таанууга болот. Эки ири мамлекет башчыларынын биргеликте жасаган иштерине Пионтковский Азербайжанды да кошуп, Илхам Алиевдин президент катары тандалышы Орусиянын да, АКШнын да жеке кызыкчылыктарынын чегинде ишке ашты деп эсептейт.

Орус президенти Владимир Путин Грузиядагы окуяларга карата Эдуард Шеварднадзе диктатор болбогону менен, тышкы саясатта да, ички саясатта да бир катар олуттуу каталарды кетирген деген оюн айтты. Анын пикиринде, Грузин жериндеги саясий өзгөрүүлөр Шеварднадзенин утулушуна алып келген болсо, буга ал өзү күнөөлүү. Бирок, Шеварднадзенин президенттиги учурунда Орусия менен калыптанган достук мамилени ал кеткенден кийин жоготуп коюуга болбос, - деп эсептейт Путин:

- Грузияда эми мыйзам чегинде жаралуучу жаңы бийлик эки мамлекет ортосундагы достук мамилеге негизделген бул салттарды сактап калат деп ойлойбуз. Орусиянын Грузияга карата болгон саясатында да башка багыт болушу мүмкүн эмес.

Грузияда президенттик эрте шайлоо 2004-жылдын 4-январында өтөөрү маалым болду.

XS
SM
MD
LG