Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Кыргызстанда Европа Биримдигинин жаңы долбоору башталды


БИШКЕК. Европа Биримдиги ушул дүйшөмбүдөн тартып Кыргызстанда жаңы долбоорун ишке киргизди. Бүгүн бул туурасында биримдиктин Алматыдагы өкүлчүлүгү кабарлады. Анын маалыматына караганда, долбоор Кыргызстандын 2010-жылга чейинки Комплекстүү өнүгүү негиздерин ишке ашырууну күчөтүүгө багытталып, үч негизги бөлүктөн турат. Биринчиси - Комплекстүү өнүгүү негиздерин жана Жакырчылыкты азайтуунун улуттук стратегиясын баалап, анын системасына байкоо салуу. Экинчиси - атуулдук коомдун өкүлдөрүн окутуу. Акыркысы - маалымат системасын өнүктүрүү. Европа Биримдиги долбоор үчүн 900 миң евро бөлдү. Долбоордун Кыргызстандагы өнөктөштөрү Комплекстүү өнүгүү негиздеринин программасынын катчылыгы менен президенттин администрациясы болот. Долбоор Бишкекте, Баткен облусунун Лейлек жана Ысыккөл облусунун Түп райондорунда ишке ашырылат.

XS
SM
MD
LG