Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:42

Хорватиядагы шайлоо демократиянын чегинде өттү


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Хорватиядагы парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлдү деген баасын берди.
Билдирүүдө жергиликтүү маалымат каражаттары шайлоону жана ага чейинки кампанияны жакшы чагылдырышты деп айтылат. Уюм ошондой эле жергиликтүү бийликтер улуттук азчылыктарды түзгөн шайлоочулардын укуктары тууралуу кеңири жана туура маалымат беришкенин белгилейт.
Жекшемби күнкү добуш берүүнүн натыйжасында Хорватиянын демократиялык биримдиги жеңип, эми ал кайрадан бийликке келет. Соңку 4 жыл бою бул Балкан жумуриятын социал-демократтар башкарып келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG