Шейшембиде чогулган Грузиянын 1999-жылы шайланган парламенти келээрки жылдын 4-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Анын алдында Грузиянын Жогорку соту 2-ноябрда шайланган жаңы парламенттин бир бөлүгүн мыйзамсыз деп жарыялаган. "Партиялык тизме боюнча өткөн парламенттик шайлоо жараксыз деп табылды. Бул акыркы чечим жана келечекте кайра каралбайт", - деп билдирди Грузиянын Жогорку сотунун өкүлү. Ошону менен Шеварднадзе отставкага кеткенден кийин конституцияга ылайык, парламенттин жетекчиси катары бийликти өткөрүп алган өлкөнүн утурумдук президенти Нино Буржанадзенин укук-милдеттери легитимдүү болуп калды.
Убагында Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, ошол жерде илимий ишин жактаган 39 жаштагы Нино Буржанадзе убактылуу президенттик кызматында бардыгын мыйзамга ылайык жүргүзүүгө аракет кылууда. Конституция боюнча, ал министрлерди кызматынан алып, же дайындай албайт. Ошентсе да, Грузияда азыр түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан пайдаланып, Тбилисидеги нааразылык акциялары туу чокусуна жеткен өткөн дем алыш күндөрү Шеварднадзе кызматынан айдаган мурдагы улуттук коопсуздук министри Тедо Жапаридзе кайра өз ордун ээледи. Утурумдук президент Буржанадзе журналисттер менен болгон жолугушуусунда: "Мен министрлерди кызматынан кетире албайм, бирок айрымдары менен сүйлөшүп, өз ыктыяры менен арыз жазуусун өтүндүм", - деп белгиледи. Анын бул сөздөрүнө удаа Шеварднадзенин өкмөтүнүн эки көрүнүктүү мүчөсү – ички иштер министри Коба Нарсемашвили жана мамлекеттик министр Автандил Жорбенадзе кызматынан баш тартышты.
Азырынча маалым болгондой, Грузиялык үч саясатчы алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коерун билдиришти. Алардын арасынан маалымат каражаттары – Шеварднадзени отставкага кетүүгө аргасыз кылган оппозициячылардын лидери, Улуттук кыймыл партиясынын төрагасы, АКШ жана башка чет мамлекеттерде иштеп билим алган 36 жаштагы Михаил Саакашвилиге басым жасап жатышат. Ал шейшембиде өзү жетектеген Улуттук кыймыл менен Буржанадзенин демократтары президенттик шайлоого бир талапкерди сүрөп чыгараарын жарыялады. Оппозициячылардын бирдиктүү талапкеринин ысымы жакында белгилүү болмокчу.
"Айрым эксперттер айткандай, жаш, Саакашвили сыяктуу радикал саясатчылар бийлик талашып, өз максатына жетиш үчүн күч колдонуу жолуна түшүп кетпейби"? – деген суроого Тбилисилик саясий аналитик Гия Нодия төмөнкүдөй жооп узатты:
- Менимче, андай опурталдуу жагдайдын коркунучу артта калды. Өткөн дем алыш күнкү революция маалында Грузиянын күч министрликтери Шеварднадзени колдобой коюшпадыбы, эми алар өзүлөрү каалаган жаңы өкмөткө баш ийишет деп ойлойм.
Ошентип, Грузиянын Жогорку соту 2-ноябрдагы шайлоодо партиялык тизме боюнча өткөн депутаттарды мыйзамсыз деп жарыялады, анткен менен бир мандаттуу округдарда жеңген мыйзамчылардын тагдыры да азырынча опурталдуу абалда. Анткени Грузиялык бир катар коомдук уюмдар алардын да мандатын жокко чыгарууну талап кылышты.
Айрым чет элдик кабар агенттиктери саясий башпаана сунуш кылган Германияга «шашылыш жөнөтүп жиберген» Эдуард Шеварднадзе эч жакка кетпей, Тбилисиден: "Грузия – менин мекеним болгондуктан, мен азыр бул жерде болууга милдеттүүмүн", - деп билдирди. Нино Буржанадзе мурдагы президенттин өмүрүнүн коопсуздугуна бекем кепилдик берип, Грузия НАТО менен Европа Биримдигине кошулуу багытында кете берээрин бышыктады.