Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ ДЕМОКРАТИЯЛЫК КОДЕСТИН ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ТААНЫЛЫШЫН КААЛАЙТ


http://gdb.rferl.org/D6F5D5F5-D4E8-446D-B8A1-FD8DB6631B00_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/D6F5D5F5-D4E8-446D-B8A1-FD8DB6631B00_mw800_mh600.jpg Президент Аскар Акаев шейшембиде Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин курамы менен жолугушту. Анда коомдук кеңештин буга чейин аткарган иштерине баа берилип, мындан ары аткара турган иш багыттары белгиленди.

Президент Аскар Акаев Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин мүчөлөрү менен экинчи ирет жолугушуп отурат. Биринчиси коомдук кеңештин түзүлүшүнө байланыштуу 4-мартта болгон. Президент кезектеги жолугушууда Демократиялык кодекстин иштелип чыгып, кабыл алынышын кеңештин өткөн 9 ай ичинде жетишкен башкы ийгилиги катары баалады. Мамлекет башчысынын айтымында, укуктук эмес, нарк-насилдик негизде жазылган бул кодекс - демократиялык сабаттуулукту калыптай турган кайталангыс документ. Муну жаратуу менен кеңеш алгачкы кадамды жасады. Алдыдагы шайлоо өнөктүктөрүн эске алганда, демократиялык өңүттө агартуучулук милдет көп.

- Биз азыр Демократиялык кодексти жайылтуу боюнча ишти 2005-жылкы шайлоо өнөктүктөрүнүн алдында, өз учурунда баштап атабыз, - дейт Аскар Акаев. - Шайлоонун чынчыл, ачык өтүшүн камсыздоого, коомдо карама-каршылыктарды болтурбоого элди даярдаш үчүн бир жыл анча көп убакыт эмес.

Ушул өңүттөн алганда, президенттин пикиринде, коомчулукту адам укуктары тууралуу маалымат менен кеңири жабдуу, мамлекеттик кызматчыларды укуктук маданияттын элементтерине үйрөтүү сыяктуу маселелерге кеңеш айрыкча көнүл бурушу зарыл. Мындай чараларды ишке ашырууда кеңеш постосветтик мейкиндикте шайлоо өнөктүктөрү менен жанашып келаткан коогалуу жагдайларды эске тутушу керек. Коомчулукка адам укуктарынын, демократиянын идеяларын сиңирүү, укук коргоо механизмдерин иштеп чыгуу, ал эми эл аралык чөйрөгө Демократиялык кодексти таанытуу жакынкы келечекте өлкөгө чоң утуш бериши мүмкүн.

- Постсоветтик мейкиндиктеги - Азербайжандагы, Грузиядагы - кырдаалды байкап отуруп, мен 2004-жылы ушундай жагдай Украинада, башка өлкөлөрдө да түзүлүшү мүмкүн деп ойлоп атам, - дейт А. Акаев. - Бул жерде бүгүн мен Демократиялык коопсуздук кеңеши кандай маанилүү роль ойноорун жаңыча сезип турам. Эгер биз анын толук кандуу, кубаттуу ишмердигин жөндөй алсак, КМШ өлкөлөрүндө шайлоо өнөктүктөрүн коштоп келаткан кырдаалды, тескери жагдайды 2005-жылы өзгөртүүгө жетишибиз ыктымал.

«Эмне үчүн биз, маселен, азыр өтүп жаткан Борбордук Европадагыдай жайбаракат жагдайда шайлоо өткөрө албашыбыз керек?» дейт Акаев.

Жолугушууда коомдук кеңештин төрагасы Мирсаид Миррахимовдун айтканына караганда, укук коргоочу бардык башка структуралардан айырмаланып, бул кеңеш адам укуктарына доо кетирген жагдайлардын алдын алуу максатын көздөйт. «Коомчулукта пикир келишпестиктердин пайда болушун шарттап жаткан үч негизги себеп бар» деп ойлойт Миррахимов:

- Биринчиден, башкаруучунун кодексти мындай койгондо да Конституцияны билбегендиги. Мындай жагдайларга биз иш учурунда жолугуп атабыз. Бул өз кезегинде туура эмес чечимдердин кабыл алынышын шарттайт. Экинчиден, демократиялык башталыштардын өңүтүнөн алганда элдин өзүнүн жетиштүү сабаты жок. Бул ар бир адамдын тигил же бул жактан жардам сурабай, өз маселесин өзү чечишин шарттайт эле. Үчүнчүсү - балким мен жаңылып жаткандырмын - демократия үчүн күрөшүп жаткандай түр кылган коомдук уюмдар бар. Бирок күрөштүн формасы, аны колдоо формасы тыштан, кээде өлкөнүн сыртынан болууда. Түпкү максат - коомду турукташтыруу, экономиканы өнүктүрүүнү ыңгайлаштыруу ж.б. болушу керек. Эгер чындап иштегенге караганда дестабилдештирүү максаты көбүрөөк болсо, анда ага деле жетишсе болот. Анын үстүнө материалдык колдоо болуп турса. Менимче, ушул жагына да биз көнүл бурушубуз керек.

Жолугушууда коомдук кеңештин төрагасынын орун басары, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жакынкы келечекте уюм мойнуна алган милдеттерди үч багытка бөлдү. «Өлкөдө демократия жана адам укуктары боюнча билимди жогорулатуу, эл аралык кызматташтыкты арттыруу, үлгү долбоорлорду сунуштоо - Демократиялык кодекстин алкагында ишке ашыра турган милдеттер», - дейт ал. Жолугушууга катышкандардын пикирлерине караганда, Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңешти абройлуу даанышман коомдук уюм катары калыптандырыш үчүн президенттин жана бардык бийлик структураларынын колдоосу зарыл.

Учурда өлкөнүн бардык региондорунда уюмдун кабыл алуу бөлмөлөрү түзүлдү. Бул багытта кадрдык өксүктү толтуруш үчүн президент кеңештин курамына Ысыккөлдөн, Нарындан жана Баткенден дагы үч өкүлдү өз жардыгы менен кошту. Мындан тышкары, ал кеңештин мүчөлөрүнө күбөлүк берүүнү, коомдук уюмдун ишине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, үч ай сайын жолугушуп турууну убада кылды. Президент эл аралык таанымга жетиш үчүн ЕККУ, Венеция комиссиясы өңдүү эл аралык уюмдарда Демократиялык кодекстин бет ачаарын өткөрүүнү сунуш кылды. Ал эми Кыргызстандын өзүндө кодекстин бет ачаары 10-декабрда, Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүндө өтө турган болду. Президенттин сунушуна ылайык иштелип чыккан Демократиялык кодексти коомдук кеңеш августта Дүйнө кыргыздарынын II курултайына талкууга коюп, ал колдоого ээ болгон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG