Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

БҮГҮН КЫРГЫЗСТАНДА АЙТ НАМАЗЫ ОКУЛДУ


Бакыт Аманбаев http://gdb.rferl.org/65940ED8-8815-4DFF-845F-EE5641E2287E_w203.jpg Бүгүн орозонун бүткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында айт намазы окулду. Бишкектик мусулмандар эски «Алатоо» аянтына барып намазга жыгылышты. Адегенде мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, андан соң АКШ, Түркия, Пакистан, Иран өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчилери кыргыз мусулмандарын айт майрамы менен куттукташты. Намазга 50 миңдин тегерегинде адам келди.

Алгач сөз берилген мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов президент Аскар Акаевдин атынан жалпы кыргыз мусулмандарын куттуктады.

- Сиздерге мамлекет башчысы Аскар Акаевдин атынан ысык салам айтам. Баарыңыздарга чың ден-соолук, үйүңүздөргө кут, бала-чакаңыздарга, урук-туугандарыңыздарга, эли-журтубузга жакшылык каалап кетишке уруксат этиңиздер, - деди Осмонакун Ибраимов.

Андан соң кыргыз мусулмандарын АКШ, Түркия, Иран, Пакистан мамлекеттеринин элчилери куттукташты. АКШнын элчиси Стивен Янг өз куттуктоосун кыргызча айтты.

- Урматтуу агайын-туугандар! АКШ өкмөтү Кыргызстандын эли ислам динин тынч жана ак ниет менен тутканын колдойт. Айтыңыздар маарек болсун, - деди Стивен Янг.

Ушундай эле жакшы тилектерин Түркиянын, Пакистандын, Ирандын элчилери билдиришти. Андан соң Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун жетегинде намаз окулду. Намаздан соң көзү өткөндөргө куран окулуп, муфтий Муратаалы ажы жараткандан бата тиледи. Байкоочулардын пикиринде, бул күнкү намазга мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп киши келди. Чогулган эл эски аянтка батпай, молдонун үнү угулган жерге чейин катар тизилип турушту. Намазга элдин көп келиши тууралуу Ислам университетинин ислам илимдери бөлүмүнүн жетекчиси Абдылда ажы Асыранкулов мындай деди:

- Жылдан-жылга намаз окугандардын саны көбөйүүдө. Менин оюмча, азыр 40 миңдин тегерегинде адам чогулду. Былтыр 30 миңдей адам келген.

Ал эми намаз окугандарды карап турган, өзүн Денис деп тааныштырган франциялык атуул болсо байкаганын минтип ортого салды:

- Менин оюмча, бул жерге миңдеген, болжол менен айтканда 200 миң адам чогулду. Мен кыргыз өкмөтүндө иштейм.

Намазга келгендердин көпчүлүгүн мектеп жашындагы жана ага чейинки курактагы өспүрүмдөр түзүштү. «Эмне үчүн соңку жылдары атуулдар динге көбүрөөк ишене баштады?» деген суроого Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары молдо Ашыр Жаныкул уулу мындайча жооп берди:

- Биринчиден, адамдар Кудайдын бар экендигине ишене баштагандыгынан, экинчиден, элдин ыйманы тазарып жаткандыгынан улам ушундай болуп атат.
XS
SM
MD
LG