Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

ЖЕРҮЙ АЛТЫН КЕНИНИН ЭКОЛОГИЯГА ТИЙГИЗЭЭР ТААСИРИ КАНДАЙ?


Быйыл 19-апрелде кыргыз өкмөтү токтом чыгарып, Жерүй алтын кенин иштетүү укугун Улуу Британиянын «Оксус голд» компаниясына берген болчу. Жергиликтүү тургундар жана экологдор «Жерүйдүн зыяны айлана-чөйрөгө жана элге тийбейби?» деген тынчсыздануусун билдиришүүдө. Айрыкча жергиликтүү элди кенди иштетүүдөн кийинки уу калдыктар көмүлүүчү жайдын кайда жайгашаары кызыктырууда.

Ушу тапта элди «Таласта да Барскоондогудай кырсык кайталанбайбы?» деген суроо түйшөлтүп турган чак. Анткени 1998-жылдын май айында болгон экологиялык кырсык алтындын пайдасын көргөндөр дайыма эле элдин саламаттыгын ойлой бербестигин көрсөткөн. Өткөн аптанын аягында бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен Таласта «Жерүй алтын кенин казуу иштери экологияга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?» деген маселе талкууланды. Жыйындын жүрүшү көргөзгөндөй, жергиликтүү элди баарыдан мурда уулуу калдыктар көмүлүүчү жайдын Таластын Караой айылына жакын жайгаша тургандыгы тынчсыздандырат экен. Барскоондогу экологиялык кырсыкта элдин таламын талашуу менен аты чыккан «Өмүр дарагы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Калия Молдогазиеванын айтымында, кен иштетүүчү фабриканын курулушу башталганы жатса да азырынча коопсуздук жаатында пайда болгон суроолорго так жооптор алына элек.

- Жерүй боюнча болгон материалдарды окуп, карап чыктык. Башкы максатыбыз – ««Норокс» компаниясы экология боюнча коопсуздук чараларын кантип сактайт?» деген суроого жооп алуу. Кенди казып алуу иши жергиликтүү элге, алардын ден-соолугуна зыянсыз болсо деген тилегибиз бар. Өкмөт элдин кенди казуу боюнча ой-пикирлерин угуп туруп, анан курулушту, алтын алууну башташы керек, - дейт Калия Молдогазиева.

Жерүй алтын кени 1969-жылы ачылган. Анда ар кандай эсептер боюнча 70тен 100 тоннага чейин алтын бар. Кенди казуу укугу өкмөттүн быйыл 19-апрелде чыккан токтому менен Улуу Британиянын «Оксус голд» компаниясына тийди. Жерүйдү иштетүү максатында «Талас майнинг компани» акционердик коому түзүлгөн. Анын 67% акциялары «Оксус голд компанинин» карамагындагы «Норокс Майнинг компаниге», ал эми 33% «Кыргызалтынга» таандык.

«Талас майнинг компанинин» жетекчисинин орун басары Кусейин Жамакеев буга чейин «Азаттыкка» маек куруп берген. Өз маегинде ал Жерүй кенин иштетүүгө Кыргызстан тарап атайын акча бөлбөстүгүн, алтын тазалоочу ишкананы куруш үчүн «Оксус голд компани» чет өлкөдөн 68 млн. долларга жакын карыз акча алаарын айткан болчу. Кусейин Жамакеевдин маалыматы боюнча, ал акча казылган алтындын эсебинен төлөнөт. Жылына 6-7 тоннадан алтын алынып, кен 11 жыл иштемекчи. Бирок Жерүйдүн алтыны эмес, алтынды саткандан түшкөн таза киреше бөлүнөт. Ошондо таза кирешенин 67% «Оксус голд компаниге» тиет да, 33% кыргыз тарапта калмакчы.

Талас облустук жаратылышты коргоо башкармалыгынын жетекчиси Эмил Умуралиевдин айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык «Талас майнинг компани» кенди иштетүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемесин Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырып, быйыл 8-сентябрда анын жыйынтыгын алган.

- Жыйынтыкта негизинен 5 сын-пикир айтылган. Кыскартып айтканда, алар негизинен уулуу калдыктар көмүлүүчү жердин Караой айылына жакын жайгашканына байланыштуу, - дейт Эмил Умуралиев.

«Талас майнинг компанинин» экология боюнча адиси Наталья Бушувец кенди казуу ишинде фирма жаратылышты коргоо боюнча бардык эрежелерди так сактаарын, ошондон улам уулуу калдыктарды айылдардан алыс жайгаштыруу жагы каралып жатканын айтат.

- Биз уулуу калдыктарды Караой айылынан алысыраак жайгаштырылы деп, башка жерди караштырып жатабыз, - дейт ал. - Биз, албетте, жергиликтүү элдин санаасын тындыра тургандай бардык коопсуздук жана техника эрежелерин сактайбыз.

Наталья Бушувецтин сөзүнө караганда, уулуу калдыктар үчүн тандалып алынган башка жердин топурагы, өсүмдүктөрү жана жер алдындагы, жер үстүндөгү суулары илимий жактан изилденүүдө.

Кыргыз парламентинин айрым мүчөлөрү «Жерүй алтын кени боюнча жаралып жаткан суроолор Жогорку Кеңеште такталып, талкууланышы абзел эле» деген пикирди айтышат.

- Кумтөрдү иштетүү боюнча «Камеко» менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим ушул күнгө чейин парламентте ратификациядан өтө элек, - дейт депутат Орозбек Дүйшеев. - Биздин «ири кендер боюнча келишим түзүлгөндө ал ратификациядан өтсүн» деген сунушубуз бар. Мен бул масени кайра-кайра коюп жатам.
XS
SM
MD
LG