Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Пакистан жана Индия тынчтыкка кадам жасашты


Бүгүн түн өртосунан тартып Индия жана Пакистан талаштуу Кашмир штатындагы жана башка чек ара тилкелеринде ок атышууну токтотушту.
Бул акыркы 14 жылдагы биринчи жакшы жышаан жана качанга чейин созулат, али беймаалым.
Ок атышууну токтотуу демилесин Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали сунуш кылган эле.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Жамали менен Индиянын премьер-министри Атал Бехари Важпайинин аракетин колдоп, бул кадам региондогу курч кырдаалды жөндөөгө өбөлгө түзөт деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG