Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

Германия жана Франция эмне үчүн жазаланбады?


Европа биримдиги-ЕБнын тышкы иштер министрлеринин Франция жана Германияны биримдиктин бюджеттик саясатын бузганы үчүн жазасыз калтырганына Европа Борбордук банкы-ЕББ нааразылык билдирди.
Мурдарак ЕБнын финансы министрлери Франция жана Германиянын бюджеттин тартыштыгын орнотулган чекте карманбагынына байланыштуу жазалоого каршы чыгышкан.
ЕББнын шейшемби күнү шашылыш өткөрүлгөн телеконференциядан соң жасаган билдирүүсүндө министрлердин чечими “Стабилдүүлүк жана өсүү келишимининин жоболоруна каршы келгендиктен”, Европага болгон ишеничке доо келтирет деп айтылат.
Франция жана Германияга каршы чара колдонууга Испания, Нидерландия, Финляндия жана Австрия да каршы болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG