Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Шаршембиде Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Ирандын өзөктүк программасын сындаган резолюция кабыл алды, бирок анда, айрымдар күткөндөй, Тегеранга каршы санкциялар киргизүү сунушталган жок. Резолюция - Британия, Франция, Германия менен АКШнын ортосундагы кызуу талаш-тартыштардан кийин табылган мунасалуу чечим болуп калды. Ага удаа Ирандын өкмөтү Өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу келишимге кошумча протоколго кол коюуга даяр экенин билдирди.

Ошентип, беш күнгө созулган дипломатиялык талаш-тартыш, соодалашуудан кийин Франция, Британия, Германия жана АКШ орток пикир табышып, Ирандын өзөктүк программасы боюнча резолюция долбоору кабыл алынды. АКШ Ирандын бул жааттагы шек-шыбырдуу ишмердиги Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралышы керек деген пикирде болчу, бирок азырынча Тегеран маселеси МАГАТЭдеги талкуу менен чектелди. Документте Иран Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик менен ачык-айкын кызматташууга даяр экенин көрсөтө алганы жылуу сөздөргө арзып, ошол эле учурда буга чейин өзөктүк программасын жаап-жашырып келгени үчүн кескин сынга кабылган. Андан тышкары резолюцияда МАГАТЭ мындан ары Ирандын өзөктүк тармактагы аракеттерин өзгөчө катаал көзөмөлгө алышы керектиги белгиленген. Бул жагдайга Венадагы жыйындан кийин өткөн пресс-конференцияда МАГАТЭнин жетекчиси Мохамед эл-Барадейи басым жасай кетти.

- Агенттикке мүчө өлкөлөр Иранга өтө олуттуу жана катаал эскертүү жасап жатышат, эгерде мындан ары Тегерандын атомдук ишмердигинде кооптондурчу кыңыр иштер байкалса, анда чыдамдуулук аяктайт жана бардык жазалоо жолдору колдонулат.

Документ кабыл алынар замат Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Акбар Салехи Тегеран Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимге кошумча протоколго кол коюуга даяр, ошону менен эл аралык инспекторлор Ирандын атомдук обьекттериндеги текшерүү иштерин андан ары уланта алышат деп жарыялады.

Белгилүү болгондой, МАГАТЭнин жакында жарыяланган отчетунда Иран жашыруун түрдө уранды байытып, плутоний өндүргөнү баяндалган. Ага байланыштуу АКШ жана бир катар курал-жарак боюнча чет элдик эксперттер бул маалыматтар Иран кезегинде өзөктүк курал жасоого аракеттенген жана ага керектелчү айрым жабдыктар азыр да катылуу бойдон турат деген көз караштарын маалымдашкан.

Андан улам Вашингтон Европалык үч өлкө сунуш кылган алгачкы резолюция долбоорун өтө жумшак чечим катары четке кагып, Иран келечекте да өзөктүк курал жасоо жаатындагы ишмердигин жаап-жашырса, маселени Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине чыгаруу зарыл деп көрсөтүүнү талап кылган. Франция, Германия, Британия мындай кадам соңку кездери МАГАТЭ менен активдүү кызматташа баштаган Тегеранды тескери каратып, бул багыттагы иликтөөлөрдү туңгуюкка такайт деп каршы чыгышкан.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл шаршембиде жактырылган резолюция Вашингтонду канааттандырды, айрыкча анда Иран келечекте өзөктүк тармакта дагы кандайдыр мыйзам бузууларга жол берсе, МАГАТЭге мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү дароо чогулуп, маселени жайгаштыруунун бардык жолдорун караштырат деп жазылганы колдоого арзырлык деп белгиледи. Эксперттер болсо резолюцияда андай болгон учурда Тегерандын тагдыры Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралат деп ачык көргөзүлбөсө да, андай мүмкүнчүлүк эске салынган деп жоромолдоп жатышат.

Айтор, Иран боюнча резолюцияны көпчүлүк маалымат каражаттары Европалык үч өлкөнүн дипломатиялык жеңиши катары баалап, Вашингтон бул ирет өзүнүн көз карашын жумшартууга аргасыз болгонун белгилеп жатышат. Дипломаттардын айтымында, бул маселе боюнча АКШнын талаптарын 35 өлкө кирген МАГАТЭге мүчө мамлекеттер арасынан Канада, Австралия, Жапония жана Жаңы Зеландия гана колдошкон.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG