Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

ООГАНСТАНДА АПИЙИМ ӨСТҮРҮҮГӨ КАРШЫ ЧАРА КӨРҮЛӨТ


Аманбек Дилденбай, Прага Акыркы эки жылдын аралыгында Ооганстанда апийим өндүрүү кескин өстү. Ооган дыйкандары баңги заттарынын негизги булагы болгон апийим өсүмдүгүнөн пайда табууну көздөшөт. Өлкөдө расмий көзөмөлдөн чыккан баңги заттарын өндүрүүгө каршы АКШ чечкиндүү аракеттерди жасоону пландаштырууда. Бул тууралуу Аманбек Дилденбай тааныштырат.

Келээрки жылы Ооганстанда апийим өстүрүүнү көзөмөлгө алуу иштерин АКШ ооган бийлиги менен бирге жүргүзүүнү пландаштырууда. БУУнун маалымдашынча, быйылкы жылы Ооганстандын 32 вилайетинин 28инде апийим өстүрүлүп, 3 600 тонна апийимдин чийки заты чогултулган. Айрым адистер анын баасын 2 миллиард доллар өлчөмүндө баалашууда. Ооганстанда апийим мындан жыйырма жыл мурда массалык түрдө өстүрүлө баштаган эле. 2000-жылдары өлкөдө 80 миң гектар аянтта апийим өстүрүлгөн. Эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен Талип бийлиги апийим өстүрүүгө тыйуу салган. Талиптердин бийлиги кулатылган соң, жаңы өкмөт тарабынан тиешелүү көзөмөл болбогондуктан, апийим өстүрүү менен бирге баңги заттарын өндүрүү да күч алган.

Баңги заттары Борбордук Азия аркылуу Батышка сатылууда. Британияда баңги заттарынын 95% ооган апийиминен өндүрүлөт. АКШнын Ооганстандагы өкүлүнүн айтымында, “ал-Кайиданын” каражат табуусунун негизги булагы-апийим болуп эсептелет. Ошондуктан АКШ Ооганстанда апийим өстүрүүгө каршы иштерди жана баңги заттарга каршы күрөшүүнү пландаштырууда. Анткени “ал-Кайида” менен талип согушчандарын курал жарак, тамак аш менен жабдуу ооган апийиминен түшкөн каражаттын эсебинен болууда, - дейт Ооганстандагы АКШнын өкүлү.


Мындан эки жыл мурда АКШнын аскер күчтөрү тарабынан куулган талиптер Пакистандын чек ара аймагында отурукташып алып, ооган апийимине көзөмөлдүк кылышууда. Коалициялык аскерлер Ооган аймагында мусулман аскерлеринен түзүлгөн 400 жоокерди атайын баңги заттарына каршы күрөшүүгө жана аймакты көзөмөлдөө үчүн ооганстандын элет жерлеринде отурукташтырууну пландаштырууда. Айрым эксперттердин баамында, келээрки жылы Ооганстанда апийим өндүрүү 1999-жылдын деңгээлине жетип, 4 500 тонна апийимдин чийки заты чогултулуусу күтүлүүдө.

Жергиликтүү дыйкандар үй-бүлөөсүн багуу үчүн гана апийим өстүрүшсө, баңги зат менен аткезчилик кылгандар эбегейсиз зор акча каражатын табууну көздөйт. Өлкөдө бир миллиондон ашуун фермер апийим өндүрөт. Наяматулла аттуу дыйкандын айтымында, дан эгиндерин өстүрүүдөн дээрлик пайда көрүшпөйт экен . Апийим өстүрүп аны сатуудан дыйкан 5 миң долларга чейин пул табат. Былтыр Ооган өкмөтү апийим өстүрбөгөндөргө 200 доллар өлчөмүндө каражат берүүнү сунуштаганда, көптөгөн дыйкандар апийимдин ордуна эгин айдаган. Бирок өкмөт Наяматтулага 50 доллар гана берген. Эгин өстүрүүдөн чыгашага учурап, Наяматулла апийим талаасында жалданып иштөөгө мажбур болгон.

Ооганстандын дыйкандарынын абалын жакындан билген «Азаттыктын» Ооган бөлүмүнүн редакторунун орун басары Зариф Назар буларга токтолду:

- Ооган дыйкандарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, кылкандуу дан эгиндерин өстүрүүдөн эч бир пайда көрүшпөйт экен. Анткени эл аралык уюмдар көп каражат жумшап Казакстан, Пакистан жана Ирандан эгин сатып келишип элге таратып берген. Жергиликтүү дыйкандардын эгини базарда сатыкка өтпөй калууда. Эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдөн келген каражаттар бийлик өкүлдөрүнүн “чөнтөгүнө” түшүп, карапайым элге жетпейт. Ошондуктан көпчүлүк дыйкандар үй-бүлөсүн багуу үчүн апийим өстүрүүгө мажбур болушат. Анткени апийимдин баасы базарда кымбат.

Кабулдагы байкоочулардын айтымында, АКШ оболу жергиликтүү дыйкандардын муктаждыктарын ойлобосо, тикелей апийим өстүрүүгө каршы иш жүргүзүү менен ал карапайым элди өзүнө душман кылып алат. БУУнун Маскөөдөгү өкүлү Антонио Мария Коста Би-Би-Си кызматына берген интервьсунда айткандай, ооган дыйкандарын апийимден башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө үндөп, каражат менен жардам берип, баңги заттарын өндүрүүчүлөргө жана баңги аткезчилигине каршы катуу чара көрүүчү мыйзам керек. Ооган өкмөтү менен дүйнө коомчулугу баңги заттары менен мыйзамсыз акча жүгүртүүгө чекит коюучу мезгил келди, - деген Антонио Мария Коста.

Ооганстандагы АКШ баштаган коалициялык күчтөр 2 жылдан бери террорчулукка каршы күрөшүп, аскерий мүдөөнү аткарууну көздөшүп келишти. Эми алар баңги заттарына каршы күрөш жүргүзүүнү да максат кылышууда.

XS
SM
MD
LG