Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Россиянын тышкы иштер министри Варшавада Польшанын жетекчилиги менен сүйлөшүүдө


ВАРШАВА. Польшада иш сапар менен жүргөн орус тышкы иштер министри Игорь Иванов поляк жетекчилиги менен эки өлкөнүн орток мамилелери жөнүндө сүйлөшүүдө. Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн Польша Еврошериктештикке киргенден кийинки мамилелерине басым жасалууда. Польшанын көз карашында, ал Еврошаркетке киргенден баштап, Россия менен Польшанын ортосундагы экономикалык мамилелер Еврошериктештик менен Москванын ортосундагы мамилелердин алкагында тескелүүгө тийиш. Ал эми Москва эки тараптуу экономикалык келишим Еврошаркеттен көз карандысыз болууга тийиш деп эсептейт. Варшава визити учурунда Иванов өлкөнүн президенти, премьер-министри жана тышкы иштер мекемесинин жетекчиси менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG