Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Кишиневдо нааразылык демонстрациялары өтүүдө


КИШИНЕВ. Бүгүн Молдованын баш калаасында миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышып, президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Демонстранттар Кишиневдун башкы көчөсүн тосмолоп, "Воронин кетсин!" деп кыйкырып жатышты. Нааразылык акциялары кечээ Орусия Днестр боюндагы чөлкөмдүн маселесин чечүү сунушун киргизгенден башталган. Россиянын пландары боюнча, орус аскерлери региондо бейпилдик күчтөр катарында дагы белгисиз мөөнөткө кала бермекчи. Кечээ президент Владимир Воронин бул сунушту четке каккан, бирок андан мурдараак ал Россиянын сунушун кабыл алган болчу.

XS
SM
MD
LG