Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Бийлик ирактыктарга өткөндөн кийин Иракта зордукчул аракеттер азаят


БАГДАД. Бийлик Ирактыктарга өткөндөн кийин зордукчул аракеттер азаят. Бул пикирин бүгүн Багдадда жүргөн британ тышкы иштер министри Жек Строу билдирди. Британ тышкы иштер мекемесинин башчысы бийлик ирактыктарга мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүлүп берилүүгө тийиш деп эсептейт. Анын айтымында, бул коопсуздук маселеси өтө курч турган өлкөнүн алды алдынан тарап кетүүсүнүн алдын алат. Согуш "негизинен бүттү" деп жарыяланган биринчи майдан бери Иракта 180 америкалык солдат курман болду. Строунун айтымында, саясий процесстер менен аскердик операцияны туура айкалыштыра билүүнүн аркасы менен бийликти 2004-жылдын июнь айынын соңуна чейин өткөрүп берүү мүмкүн болот. Ноябрь айында АКШнын Ирактагы администрациясынын башчысы Поль Бремер менен Ирактын Башкаруучу Кеңеши өлкөнүн суверендүүлүгүн келээрки жылдын ортосуна чейин калыбына келтирүүнүн планын жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG