Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

Таласта электр акысынын карызы айыл чарба товарлары менен алынууда


ТАЛАС. «Түндүк электрстанциялары» акционердик коомунун Таластагы филиалынын директору Руслан Иманкожоевдун маалыматы боюнча, ноябрь айында 7 млн. сомдон ашык каражат жыйналса, анын 70% эл айыл чарба продукциясы менен эсептешкен. Мындай кадамга аталган филиал аргасыздан барууда. Себеби, калктын колунда нак акча тартыш. Талас филиалы быйыл элден 350 тонна картошка, 2800 тонна эгин, 800 тонна төө буурчак, 60 тонна сабиз, 50 тонна пияз, ал тургай 100 тонна тоют чөп кабыл алды.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG