Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Жалалабад облусунда күздүк эгин айдоо кечеңдеп жатат


ЖАЛАЛАБАД. Улам жамгыр, кээде кар жааганына карабастан, дыйкандар башка өсүмдүктөргө караганда арбын киреше берүүчү пахтаны толук жыйнап алуунун аракетин көрүшүүдө. Облуста 76 миң тонна пахта терилип, план 106% аткарылган. 42 миң гектар аянтка күздүк эгин себилиши керек болсо, азыр 27 миң гектар жер айдалып, 21 миң гектарга эгин себилди. Дизель майынын кескин кымбатташы менен айрым кошумча тетиктердин, тракторлордун жетишсиздиги күздүк эгин эгүү менен тоңдурманы толук айдоого мүмкүндүк бербей жатат. Быйыл облустун дыйкандары 150 миң тонна буудай жыйнашты. Элди буудай менен бир жыл бою толук камсыз кылыш үчүн дагы 40-50 миң тонна керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG