Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33
БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын абакта жаткан лидери Фелик Кулов бүгүн Грузиядагы оппозициянын аракетин колдогонун билдирди. Ал «бул окуя КМШ аймагындагы элдин бийликти алмаштырууга өсүп жетилгенин, ал эми грузин эли дүйнө жүзүнө өзүнүн саясий жактан такшалганын далилдеди» деп белгиледи. Феликс Кулов «Кыргызстанда бийлик Азербайжандагыдай же Грузиядагыдай алмашуусу мүмкүн» экендигин белгилеп, бирок «Азербайжандагыдай жол менен бийлик алмашууга эл мүмкүнчүлүк бербесин» эскерткен. «Кыргызстанда кырдаалдын өнүгүшү негизинен бийликтин аракетине жараша болот», - деп эсептейт Ф. Кулов. Бул тууралуу бүгүн «Арнамыс» партиясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиев маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG