Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34
БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаевдин Норвегияга расмий иш сапары башталды. 29-ноябрга чейин созулуучу иш сапарында Аскар Акаев Норвегиянын падышасы Харалд V, премьер-министри Кьеле Магне Бондевик, коргоо министри Кристин Крохен Деволд менен жолугушуп, кыргыз-норвег кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Аскар Айтматов, президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков бар. Кыргызстанга инвестиция тартуу максатында президент А. Акаев норвег ишкерлеринин алдында сүйлөйт. Ал эми иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кыргыз-норвег байланышын чыңдоо боюнча билдирүүгө кол коюлаары күтүлөт.
Норвегиядан кийин президент А.Акаев АКШга жол тартып, Дүйнөлүк Банктын президенти Жеймс Вулфенсонго арналган атайын иш-чарага катышат. Нью-Йорк шаарында А.Акаевге АКШнын Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр ассоциациясынын алтын медалы тапшырылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, мындай алтын медаль улуттук башкаруу деңгээлинен жогору турган жетекчилерге берилет. Президент андан кийин Монтана штатына барып, «Кыргызстан-Монтана: тажрыйба жана кызматташтыктын келечеги» аттуу «тегерек стол» жыйынына катышат. А.Акаевдин иш сапарынын акырында Кыргызстан менен Монтана штатынын кызматташтыгын өркүндөтүү тууралуу меморандумга кол коюлат. Акаевдин АКШдагы иш сапары 3-декабрда аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG