Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

ДОНОРЛОР УБАДА КЫЛГАН 700 МЛН. ДОЛЛАРЫН КЫРГЫЗСТАНГА БЕРЕ БАШТАШТЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Донорлордун былтыр октябрда болуп өткөн кеңешмесинде алар жакынкы 4 жыл ичинде Кыргызстанга 700 млн. доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөөрүн айтышкан болчу. «Анын жарымынан көбүрөөгүн грант түрүндө - бекер беребиз» дешкен. Өкмөт башчысы Николай Танаевдин айтымында, бул айтылган акчанын айрым бөлүгү азыр келе баштады.

Донорлор Бишкекте чогулуп, «700 млн. доллар беребиз» деп айткандарына бир жыл болду. «Алар өз сөзүндө туруп, акча берип жатышабы?» деген биздин суроого премьер-министр Николай Танаев:

- Донорлор убада бергендей, насыя линиялары толугу менен 2007-жылга чейин аныкталып бүттү. Биз ал жардамды ала баштадык, - деп жооп берди. Финансы министрлигинин бизге берген маалыматы боюнча, 2003-2006 жылдар аралыгында Кыргызстандын эң ири насыякору болуп эсептелген Дүйнөлүк Банк 171 млн. доллар, Азия Өнүктүрүү Банкы 90 млн. доллар, Ислам Өнүктүрүү Банкы 30 млн. доллар, Германиянын өкмөтү 54 млн. доллар бермек болушту. Калган акчаны Жапониянын өкмөтү, ПРООН, ЮСАИД жана башкалар чыгарышат. Бирок бул акчанын канчасы келип, пайдаланылганы тууралуу так маалымат жок экен.

- 4 долбоор ишке ашуу стадиясында турат. Бул долбоорлор жаңы эле башталды. Акчанын негизги бөлүгү 2004-2005 жылдарда келип түшөт, - деди бул туурасында Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин директору Санжар Муканбетов. Ал бизге келчү 700 млн. доллардын 90% такталып, жарымы боюнча – 345 млн. долларына - келишим түзүлүп коюлганын кабарлады.

С. Муканбетовдун айтымында, өлкөдө «акча бер» деп сурагандардан көп неме жок. «Акча беребиз» дегендер деле жетиштүү. «Акчаны кайда пайдаланыш керек?» деген маселе сыртынан оңой көрүнгөн менен, аны аныктоо биздин өкмөт менен Финансы министрлиги үчүн көп убакытты талап кылып, кыйынга туруп атат. Бул маселе донорлордун өздөрү менен бир нече жолу талкууланды. Инвестиция боюнча мамлекеттик комиссиянын мындан бир нече күн мурда болуп өткөн отурумунда да ушул маселе көтөрүлүп, өкмөт кайсы долбоорлорду калтырып, кайсыларын алып салуу тууралуу кеңеш курду.

- Биз долбоорлордун баарын канааттандыра албайбыз. Ошондуктан чет өлкөлүк акча каражатын долбоорлордун артыкчылыктуулугуна жараша бөлүштүрүүгө мажбур болуп атабыз. Тышкы карызды азайтуу зарыл. Ошол эле учурда насыялардын азайышы экономикалык өнүгүүгө терс таасир бербеши үчүн жакшы долбоорлорду тандап алыш керек, - дейт Санжар Муканбетов.

Анын айтымында, бюджеттин тартыштыгын азайтуу боюнча Эл аралык Валюта Фондунун талабы да айрым долбоорлорду артка жылдырууга, айрымдарынан таптакыр эле баш тартууга мажбур кылып атат. Өкмөт, мисалы, өлкөгө жарытылуу пайда бербеген кой чарбасын өнүктүрүүгө, жеке ишканаларды каржылоого байланыштуу Дүйнөлүк Банктын долбоорлорун аягына чыга электе эле токтотуп койду. Азия Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен жакында ишке кирээри жарыяланган, кесиптик-техникалык окуу жайларын колдоо боюнча долбоордон ал таптакыр баш тартты. Ал эми Тарас-Талас-Суусамыр жолун куруу боюнча долбоор артыкчылыктуу деп табылып, толугу менен болбосо да, тизмеге кайрадан киргизилди.
XS
SM
MD
LG