Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:23

ДЕМОКРАТИЯЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА КООМДУК КЕҢЕШТИН КЕЛЕЧЕГИНЕ АЙРЫМ ТАЛДООЧУЛАР ИШЕНИШПЕЙТ


Кыргызстанда Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин ишмердүүлүгүнүн биринчи этабы аяктап, экинчи этабы башталды. Бул туурасында президент Аскар Акаев кеңештин мүчөлөрү менен шейшембиде жолугушканда айтты. Президенттин белгилегенине караганда, президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүктөрү алдыда турганда, коомдук кеңеш Кыргызстанда эле эмес, эл аралык деңгээлде үлгү болгудай аракеттерди көрүшү керек. Бирок бул кеңешти жактабаган коомчулук өкүлдөрү анын коомдук уюмдун табиятына туура келбесин айтышат.

Президент Аскар Акаевдин ою боюнча, бул уюмдун алдыдагы жылдары боло турган парламенттик, президенттик шайлоо өнөктүктөрүнө элди даярдоодогу орду чоң. Анткени өз маалында түзүлгөн уюм постсоветтик өлкөлөрдөгү, анын ичинде Азербайжандагы, Грузиядагы тескери көрүнүштөрдүн Кыргызстанда кайталанбашы үчүн аракет көрүүгө кудуреттүү.

- Бүгүн мен Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин ишин жаңыча көрүп атам. Биз бул ишти өз убагында колго алдык. Эгер 2004-жылы жакшылап иштесек, 2004-жылы кырдаалды жакшы жакка түздөй алаарыбызга мен ишенип турам, - деп билдирген эле А. Акаев кеңеш менен жолугушууда. Анын пикири боюнча, кеңеш өз аракети менен постсоветтик өлкөлөрдө шайлоо өнөктүктөрүн жандап келаткан терс көрүнүштөрдүн жолун тоскудай бурулуш жасашы керек.

Бирок мындай бааны коомчулуктун айрым өкүлдөрү аша чапкандык катары санашууда. Ал эми депутат Кубатбек Байболов коомдогу бардык терс маанай экономикалык проблемалардан келип чыгаарын, коомдук уюм эл ичиндеги чыңалууну жөнгө сала албай турганын айтат. «Мен реалистмин, ошондуктан конструктивдүүлүктү жактайм» дейт депутат.

- Биздин талдоочулар да туура баамдап атыптыр, - дейт Кубатбек Байболов. - Эмдиги жылыбы же жакынкы учурлардабы, айтор, Украинада да ушундай процесстер болушу мүмкүн. Себеби, азыртан эле Украинада азык-түлүк проблемасы пайда болду. Демек, мунун баары экономикалык акыбалыбызга байланыштуу. Ошондуктан «мунун алдын алышыбыз керек» деп атканына мен толугу менен кошулам. Бирок, менин оюмча, алдын алыш үчүн экономикалык, соттук, укуктук реформаларды радикалдаштырышыбыз керек. Мамлекеттик, административдик реформаларды радикалдаштырышыбыз керек. Экономиканы оңдобосок дагы, «позитивдүү күтүү» деген бир түшүнүк бар да. Элдин алдында ушундай бир келечекке үмүт пайда болсо.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова болсо Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңешти бийликтин Аксы трагедиясынан кийин элди алаксытуучу жаңы аспабы катары санайт. Исмаилованын пикиринде, кеңеш иштеп чыккан Демократиялык кодекстин адам укуктарын коргоо багытында эл аралык деңгээлде таанылгыдай салмагы жок.

- Бир жагынан, бул легитимсиз кеңеш. Муну коомдук тутум деп коёт, - дейт Төлөкан Исмаилова. - Бул коомдук тутум бизчилеп өзүнчө, президентсиз иштеш керек да. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы да президенттин алдында, бул да коомдук институт, Демократиялык кеңеш да, Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш да президенттин алдында. Бул - коомчулукту башка идеялар менен алаксытуу аркылуу президенттик шайлоого даярдыктын стратегиясы.

Бирок коомдук кеңештин жактоочулары анын коомду демократиялаштырууга, адам укуктарын коргоого, анын механизмдерин иштеп чыгууга олуттуу салым кошо ала турган кудуреттүү уюм болоруна ишенишет жана аны менен сыймыктанышат. Жолугушууда кеңештин мүчөсү Осмон Тогусаков кеңештин атынан ушундай пикирин жарыялады. Жакында Жаштар партиясынын башчысы жана коомдук кеңештин мүчөсү Айдар Бакыев партиянын атынан президентке кайрылган болчу. Кайрылууда ал эл аралык деңгээлде Демократиялык кодекс түзүүнү БУУга сунуш кылууну президенттен өтүнгөн. Бакыев бул идеянын түбөлүктүүлүгүнө бекем ишенет. Анын айтымында, коомду бейстабилдештирүү аракетиндеги уюмдарга алдын-ала эскертүү да шайлоо алдында кеңеш аткара турган негизги иштердин бири.

- Диний экстремисттик уюмдар, кээ бир оппозициялык саясий партиялар бар, адам укуктары боюнча же жеке кызыкчылыктары менен коомдук уюмдар бар. Биз аларды алдын-ала эскертишибиз керек, - дейт Бакыева мындай уюмдар жөнүндө.

Президент сыяктуу эле кеңештин активдүү мүчөлөрү Демократиялык кодекстин өлкөнүн ичинде жана эл аралык деңгээлде таанылаарына бекем ишенишет. Бирок айрым байкоочулар муну кеңештин мүчөлөрүнүн бардыгы эле колдой бербесин айтышат. Коомдук кеңештин азыр 30дай мүчөсү бар. Президент менен болгон акыркы жолугушууга таасирдүү саясатчылардын айрымдары катышкан жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG