Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

АКСЫ ОКУЯСЫНЫН АРТЫНДА КУРМАНБЕК БАКИЕВ ТУРГАНБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Грузиядагы бийлик алмашуунун себеби кыргыз саясатчылары тарабынан түрдүүчө түшүндүрүлүп, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында ар кайсы өңүттөн чагылдырылууда. Эркин маалымат булактары жана оппозиция өкүлдөрү «Грузияда кан төгүүсүз төңкөрүш ишке ашырылды» дешсе, бийлик өкүлдөрү «Грузиянын оппозициясы бийликти мыйзамсыз ээлеп алды» деген пикирин билдиришүүдө. Ошол эле учурда бийликти колдогон «Вечерний Бишкек» гезити Грузиядагы окуяны Кыргызстандагы Аксы окуясы менен салыштырып, кандуу окуянын артында ошол кездеги өкмөт башчысы Курманбек Бакиев тургандыгы жөнүндө oюн жазып чыкты.

Эдуард Шеварднадзенин бийликтен кетишинин себеби кыргыз коомчулугунда ар кандай түшүндүрүлүүдө. Айрым бийлик өкүлдөрү Грузия оппозициясын айыпташса, Кыргызстандын оппозиция өкүлдөрү «Грузияда кан төгүүсүз бийлик алмашуу болду жана бул башка өлкөлөргө да өз таасирин тийгизет» деп кубанып жатышат. Ошол эле учурда Грузиядагы окуя жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында да ар кайсы өңүттөн чагылдырылууда. Коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган макала «Вечерний Бишкек» гезитинин дүйшөмбү күнкү санына жарыяланды. Макаланын автору Грузиядагы окуяны 2002-жылдагы Аксы окуясына салыштырып, кандуу окуяны Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Турсунбек Акун уюштуруп, анын артында ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиев тургандыгы жөнүндө жоромолду жазып чыкты. 2005-жылдагы президенттик шайлоого ат салышаарын ачык айткан Курманбек Бакиевдин каргашалуу Аксы окуясын тымызын уюштургандыгы тууралуу маалымат коомчулукта кайчы пикир жаратты. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, Аксы окуясы боюнча оппозиция өкүлдөрүн күнөөлөө туура эмес.

- «Мунун артында Бекназаров, Бакиев турду» дегендин жөнү жок. Анткени Бекназаровду камакка алган Бакиев же Тургуналиев эмес да. Демек, Аксы окуясы Бекназаровду камакка алгандардын аракетинен улам болду, - дейт Кадырбеков. Сөз болуп жаткан макала тууралуу «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин пикири мындай:

- «Вечерний Бишкек» - бул «үй-бүлөнүн» гезити. Кыргызстандын башчылары «Грузиянын таасири башка өлкөлөргө да тиет» деп, Грузиядагы болгон окуялардан ажалдай коркуп жатышат. Ошондуктан алар Грузия тууралуу коомчулукка өздөрү каалагандай маалымат беришүүдө.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев алыска кеткендигине байланыштуу мындай маалымат тууралуу анын пикирин угуу мүмкүн болгон жок. Ошондуктан биз гезитте жарыяланган макала тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акунду сөзгө тарттык.

- Мен өмүрүмдө Бакиев менен чогуу отуруп көрө элекмин. Мен жадагалса ошол кезде Бекназаровду да жакшы тааныбайт элем. Биз Бекназаровду кыргыз жери үчүн күрөшкөндүгү үчүн колдодук, - дейт Турсунбек Акун.

Ал эми Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева болсо мындай макаланын жазылышын Курманбек Бакиев келечекте президенттик шайлоого катышаарын ачык жарыялаганы менен байланыштырат.

- Мен оюмча, ушундай маалыматты таратып, Бакиевди айрым бирөөлөргө карама-каршы коюуга аракет жасалып жатышы мүмкүн, - дейт Үмөталиева.

«Курманбек Бакиев Аксы окуясынын артында турганбы?» деген суроого жооп берүүдөн жогорку бийлик өкүлдөрү баш тартышты. Чындыгында эле былтыркы Аксы окуясынын учурунда Курманбек Бакиев эс алууга кеткен. Жергиликтүү байкоочулардын пикиринде, Курманбек Бакиев эс алууга жаман ой менен эмес, окуяны түздөн-түз башкарууга ыйгарым укуктары жетпегенинен улам кетүүгө мажбур болгон. Анткени ошол кездеги өлкөдө болгон окуялар айрым жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан көзөмөлдөнүп, өкмөт башчысынын аракеттери натыйжасыз болгон. Ошондуктан Бакиев эс алууга кеткенде «өкмөт башчысы бийликтен кетүү тууралуу мамлекет башчысына арыз бериптир» деген маалымат тараган. Андан көп өтпөй Коопсуздук кеңешинин жыйынында Курманбек Бакиев кызматтан алынган.
XS
SM
MD
LG