Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:47

АКШ өкмөтү Борбор Азиялык жетекчилерди шайлоону адилет өткөрүүгө чакырууда


АКШ жетекчилиги кечээ күнү атайын билдирүү жасап, Борбор Азиялык жумурияттардын жетекчилерин демократияны бекемдөөгө чакырып жатканын билдирди. Вашингтондун айтымында, төрт Борбор Азиялык өлкөнүн стабилдүүлүгү - аларда келерки эки жылда өтө турган шайлоолордун адилеттүү болооруна көз каранды. Бул маселелерди акыркы күндөрдө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга келип, алардын жетекчилери менен жолугуп кеткен АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчылары Элизабет Жоунс менен Лорн Крейнер көтөргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG