Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Өзөктүк кубат боюнча агенттик Иран тууралуу атайын резолюция кабыл алды


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик кечээ күнү өзүнүн атайын чечими менен Ирандын жетекчилигин катуу сынга алды. Резолюцияда Иран 18 жыл бою өзүнүн өзөктүк программаларын жашыруун жүргүзгөн деп айтылат. Агенттиктин деректири Мохамед эл-Барадейинин айтымында, эгер Иран эл аралык коомчулук менен кызматташпаса, ага каршы чара көрүлүшү мүмкүн: "Бүгүн кабыл алынган резолюция мага абдан жакты. Ирандын программалары тынчтык багытта экендигин аныктоо үчүн ал мага бир топ күч кошот. Өзөктүк куралды жайылтпоо эрежесин бузган учурларды белгилөөгө жана кандай чаралар көрүлүүгө тийиш экенин аныктоого ал жардамдашат". АКШ жетекчилиги резолюцияны кубаттады, Ирандын тышкы иштер министрлиги болсо, бул резолюция - Ирандын программалары аскерий эмес экенин далилдеди деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG