Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

АКШ ИРАКТАГЫ АСКЕРЛЕРИН АЛМАШТЫРАТ


Алдыдагы жылдын алгачкы төрт айында Кошмо Штаттары Ирактагы аскерлерин түгөл алмаштырганы жатат. Эксперттер алгоого келчү контингенттин көбү уруштун усулуна жетерлик түрдө жатыкпаган жоокерлерден кураларын айтышууда. Мындай шартта америкалык аскерлер Иракта келечекте чоң проблемаларга бет келиши мүмкүн.

Пентагондун өкүлү ырастагандай, азыр Иракта жайгаштырылган 130 миңдей жоокердин ордуна эмдиги жылдын май айына чейин 100 миңден көбүрөөк аскер киргизилет. Америкалык контингенттин жалпы саны ошондо дээрлик үч түмөнгө кыскартылат. Бир илектен ашуун жаңы аскери корпустун дээрлик кырк проценти улуттук гвардия менен резервдеги армиянын эсебинен куралат. Алардын баары туруктуу аскер кызматында турбаган, ашып барса бир-эки жумалык апыл-тапыл машыгуудан өткөн, уруштун ыкмасына жеткилең көнүкпөгөн адамдар. Мындай абал америкалыктардын Ирактагы абыгерчилигин ашырбаса, асты жеңилдетпейт.

Америкалык эксперттердин мындай кооптонууларына Ирактагы администрациянын мурдагы башчысы, генерал Жей Гарнер да кошулат. Ирактын регулярдуу армиясын таркатып жиберген Вашингтондун чечимин ал “одоно каталыктардын” бири катары баалады. Натыйжада жумушсуздар көбөйүп, мурдагы аскерилерди ар түрдүү антикоалициялык топтор жалдап ала баштады. Алардын көбү чар тараптан Иракка келип жаткан террорчулардын катарын толуктоодо. Генерал Гарнер ирак армиясы азыркы партизандардын амалын тапканга жарайт болчу, бери эле дегенде кырдаалды контролдогонго алда канча арка-тирек болот эле деп эсептейт.

Америкалыктар соңку кездери бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү ишин илгерилеткенге кирише баштады. Өткөн аптада жетишилген макулдашууга ылайык, бул процесс эмдиги жайдын биринчи айында толугу менен бүтүшү керек. Бирок бийликти өткөрүп берүүнүн долбоорунда каралган шарттардын баары эле ирактыктарга, айрыкча шийиттердин лидерлерине жаккан жок. Аятолла Али ал-Систани жетектеген диний фракциянын таасирдүү активисти шейх Мухаммад ал-Якуби, мисалы, провинциядагы бийлик башчылары Багдаддан дайындалбастан, жергиликтүү калк тарабынан шайланышы шарт деп билдирди. Шейхтин айтымында, Ирактын сексен процентке чукул аймагында мамырчылык орноду, андыктан алардын баарында шайлоо өткөргөнгө болот. Анан калса калктын көпчүлүгүн түзгөн шийиттерге эмне үчүн бийлик органдарынан чектелүү орун берилиши керек? Мындай демократия, шейхтин пикири боюнча, Кошмо Штаттардын өзүндө да кезикпейт.

Ирак ислам революциясынын жогорку кеңешинин башчысы Абдел Азиз ал-Хаким да бул ойлорду коштоп, аталган долбоордо исламдын ролу таптакыр көрсөтүлбөй калгандыгын кошумчалады. Булардын баарын азирети аятолла ал-Систани америкалык тараптар менен талкуулап чыкканын айтып, эгер шийиттердин талап-таламдары эске алынбай турган болсо, келечекте өтө чоң проблемалар пайда болот, деп эскертти ал-Хаким.

XS
SM
MD
LG