Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

ӨЗБЕКСТАНДЫН МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН КЫРГЫЗСТАНГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ КҮЧТҮҮ


Замира Кожобаева, Ош Кыргызстандын түштүк аймагы маалыматка жетишпей, суусап турат. Баткен, Жалалабад, Ош облустарынын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен райондорунда кыргыз сыналгысы жана үналгысы тартпайт. Кыргыз тилиндеги гезит-журналдар дээрлик жетпейт. Ал эми коңшулаш Өзбекстандын телекөрсөтүү, радио уктуруулары, саясий жана көңүл ачуучу гезит-журналдары түштүк аймагында көрарман, угарман, окурмандарга кеңири жетип жатат. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын бир дагы массалык маалымат каражаты Өзбекстанга кийрилбейт.

Бүгүнкү күндө түштүктө коңшулаш Өзбекстан мамлекетинин Маргалаң, Наманган, Анжиян жана башка облустук телекөрсөтүүлөрүнөн тартып борбордук телекөрсөтүүсүнө чейин 6-7 телекөрсөтүүсү, 2-3 радиоуктуруулары, 10-15 гезит-журналдары Кыргызстандын журтчулугуна жетип жатат. Карасуу, Араван, Ош, Жалалабад сыяктуу шаарларда мындай маалымат каражаттарынан өзбек тилдүү эл пайдаланса, ушул эле Араван, Карасуу райондорунун, Баткен жана Жалалабад облустарынын Өзбекстан менен чектеш жайгашкан чөлкөмдөрүндө кыргыз айылдары аргасыздан коңшулардын үналгы-сыналгыларынан, басылмаларынан маалымат алышат. Анткени бул аймактарда кыргыз үналгы-сыналгылары тартпайт. Ал эми кыргыз тилиндеги борбордук басылмалар жетпейт. 2-3 миң нуска менен чыккан облустук гезиттер элдин маалыматка болгон талабын канааттандыра албайт. Ал эми айына бир жолу пенсия акчасына сөзсүз түрдө кошулуп берилүүчү «Кыргыз туусу», «Эркин тоо» жана «Заман Кыргызстан» басылмалары, албетте, мөөнөтүнөн кеч, маалыматтары эскиргенден кийин жетет. Түштүк аймагы коңшулаш Өзбекстан менен чектеш болгондуктан, жылына бир нече жолу чегарада ар кандай кырдаалдар болуп турганы жашыруун эмес. Мындай учурларда Кыргызстан тараптагы расмий булактар маалымат каражаттарына ачык маалымат берүүдөн көп учурда баш тартышат. Ошол эле убакта Өзбекстанда бардык массалык маалымат каражаттары чегарада болгон инциденттер тууралуу өзбек бийлигинин маалыматын жана көз карашын толук байма-бай берип турушат. «Мындайда түштүктө кыргыз журтчулугу бир жактуу маалыматты, болгондо да Өзбекстандын массалык маалымат каражаттарынан, өзбек бийлигинин көз карашы менен алат» деп эсептейт Ош облустук маалымат каражаттарынын ресурстук борборунун алдында түзүлгөн «Ошмедиа» аттуу веб-сайттын редактору Алексей Сухов.

- Облустун алыскы райондору борбордук үналгы, сыналгыдан кабар ала албаганы менен, дайыма коңшу Өзбестандын массалык маалымат каражаттарынан маалымат алып турушат. Анткени Өзбекстандын калган облустук телеберүүлөрүн эсепке албаганда негизги эки телеагым түштүктө абдан жакшы тартат. Ушул эле телеберүү жана басылмалар көбүнчө көңүл ачуучу типте болгону менен, саясий темадагы маалыматтар да жок эмес. Ал эми биз чектеш аймакта жайгашкандыктан, ар түрдүү, атүгүл киши өлүмү менен бүткөн окуялар да бар. Мындай учурларда жашоочулар бул окуя жөнүндө маалыматты коңшу Өзбекстандын маалымат каражаттарынан, өзбек бийлигинин көз карашы менен алышат. Ушул эле убакта кыргыз маалымат каражаттары расмий булактарда маалымат жоктугунан унчукпай турушат. Бул биздин бийликтин аракетсиздигин көрсөтүп тургансыйт, - дейт «Ошмедиа» веб-сайтынын редактору Алексей Сухов.

Кыргызстандын түштүгүндө Өзбекстандан ондогон массалык маалымат каражаттары эркин өкүм сүргөнүнө карабастан, өзбек бийлиги Кыргызстандын үналгы, сыналгысы эмес, жарык көргөн өзбек тилдүү басылмаларын да өз аймагына таркатууга уруксат бербей жатат. Муну Жалалабад шаарында үч тилде жарык көрүүчү «Фергана» гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков төмөнкүчө айтты:

- Бүгүнкү күндө Өзбекстандын массалык маалымат каражаттары, анын ичинде көптөгөн басылмалары Кыргызстанда эркин таркатылып, сатылып атат. Бирок ушул эле убакта Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарын Өзбекстан өз чегинен киргизбей жатат. Биз кыргыз, орус, өзбек тилдеринде жарык көрүүчү «Фергана» гезитин Өзбекстанга таркатыш тууралуу 3 жылдан бери чуркап, өзбек бийлигинен уруксат ала албай жатабыз. «Мүмкүн эмес» дешет. Бирок эмненин негизинде «мүмкүн эмес» экенин ачык айтышпайт.

Өзбек коомчулугуна эмес, Өзбекстандагы жашап жатышкан боордош кыргыз элине да кыргыз тилдүү, же Кыргызстандан жарык көргөн басылмаларды жеткирүүгө бийлик жана Жогорку Кеңеш да бир нече жолу аракет кылып, бирок майнап чыгара албаганын Жогорку Кеңештин маалымат саясаты жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Кабай Карабаков да баса белгилеген. Анын айтымында, Өзбекстан мындай саясатын Кыргызстанга эле жүргүзүп жаткан жок. Бүгүнкү күндө өзбек бийлиги Ориясынын да 3 эле басылмасын – «Труд», «Известия» жана «Российская газета» гезиттерин гана өз өлкөсүнө таркатууга уруксат берген.

- Тилекке каршы, Кыргызстандын басылмаларын Өзбекстанга таркатуу маселеси чечилбеген бойдон калууда. Бул алардын саясаты. Бирок аны коментарийлеп, сындоо биздин ишибиз эмес. Мен Өзбекстандын маалымат каражаттарынын Кыргызстанда таркатылышынан эч кандай жамандык көргөн жокмун. Каалабагандар окубай, укпай койсо деле болот го, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков.
XS
SM
MD
LG