Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:33

БАРСКООН КЫРСЫГЫНЫН КЕСЕПЕТТЕРИ


1998-жылы «Кумтөр оперейтинг» компаниясынын цианид ташыган автомашинасы кырсыкка учурап, 2 тоннага жакын цианид Барскоон суусуна төгүлгөнү көпчүлүктүн эсинен чыга элек болуш керек. Ал кырсыктын кесепеттери дале жоюла элек.

Барскоон айылы Ысыккөл дубанына караштуу Жетиөгүз районунда жайгашкан. Бул айылда 7,5 миңден ашуун киши жашайт. Кырсык чалган окуя 1998-жылы 20-майда болгон. Ал күнү «Кумтөр оперейтинг» компаниясынын цианид ташыган автоунаасы аварияга учурап, Барскоон суусуна салынган көпүрөдөн кулап түшкөн. Анда 2 тоннага жакын цианид Барскоон суусуна төгүлгөн. Бул окуя өз учурунда эл аралык коомчулуктун көнүлүн бурган. Ал эми Барскоон кырсыгынан улам жабыр тартып жатышканын ал жердин жашоочулары ушул кезге чейин айтып, арызданып келишет. Бирок андан азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек. Эксперттердин байкоосунда, Барскоон кырсыгы жыл өткөн сайын олуттуу проблемалардын бирине айланып барат. Анткени бул аймакта өлүм-житимдин көбөйүшүн жана сыркоолуулардын катарынын өсүшүн жергиликтүү тургундар ушул Барскоон кырсыгына байланыштырышат.

Ал эми бийлик өкүлдөрү алардын мындай дооматтарын жөнсүз деп эсептешет. Ал тургай жергиликтүү тургундардын цианиддин зыяндуу-зыянсыздыгын аныктап бере турган бейтарап эксперттерди чакыруу аракеттеринен да эмнегедир майнап чыкпай келет.

Жакында алар дагы бир жолу жергиликтүү бийлик ээлерине, депутаттарга жана республиканын жетекчилигине 598 адамдын колу коюлган ачык кат жолдошту. Алар Барскоондогу диагностикалык борборду калыбына келтирүүнү, жабыр тарткандардын компенсациясын төлөп берүүнү, айрыкча Тосор, Тамга, Жаргылчак айылдарынын тургундарын медициналык текшерүүдөн өткөрүп, дарыланууга муктаж болгондорго көмөк көрсөтүүнү талап кылышууда.

Ушул кайрылууларга байланыштуу айрым жергиликтүү тургундардын пикирин уктук. Алардын бири Султан Осмоналиев мындай дейт:

- Менин эки кызым ошол кырсык болгон 1998-жылы ооруканага жаткырылган. Бир кызым мурда эле ооруп жүрчү. Цианиддин кесепетинен оорусу күчөп, каза болду. Анын кыздары менде калды. Азыр айылда өлүм-житим көбөйдү. Ооругандар да көп. Бирок биздин мындай абалыбызга көнүл бурулбай жатат. «Барскоон кырсыгы тууралуу, «оорудук» деп айтпагыла» дейт бийлик өкүлдөрү. Кырсыктан жабыр тартканыбыз тууралуу компенсация да төлөнүп берилген жок.

Бул карыя кызынын мурдатан ооруп жүргөнүн жашырбайт. Бирок «анын өлүмүнө, башкача айтканда эски оорусунун күчөп кетишине цианиддин таасири себеп болду» дейт. Султан Осмоналиевдин сөзүнө караганда, кызы мезгилинен эрте көз жумган. Карыянын сөзүнө таянып айтканда, цианидден жабыркап, нааразылык билдиргендер көп. «Карек» аттуу коомдук уюмдун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева «Барскоон кырсыгынын убагында түзүлгөн диагностикалык борбор иштеп турганда, абал бир кыйла жакшырмак» деп эсептейт.

- 1998-жылы «Кумтөр оперейтинг» компаниясы тарабынан диагностикалык борбор ачылып, 10 миңге жакын кишини медициналык кароодон өткөргөн эле. Бирок Барскоон айыл өкмөтүнө өткөрүп бергенден бери иштебейт. Ошого эл нааразы болуп, арызданышууда, - дейт Эркингүл Иманкожоева.

Анын пикиринде, «цианидден жабыр тарттым» деп эсептегендер арыздануудан жыйынтык чыгаарына ишенишет. Айрыкча депутаттарга үмүт артышат. Андыктан Ысыккөл облусунан депутаттыкка шайланган Арслан Малиевге кайрылганыбызда, ал буларды айтты:

- Барскоондуктардын «цианиддин кесепеттери» деп доо коюп келишкени ырас. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги андай дооматтарга макул эмес. «Оорунун көбөйүшү цианидден эмес» дешет. Ал эми компенсация толук төлөнүп бериле элек. Диагностикалык борбор болсо айыл өкмөтүнүн каражаты жетишсиздигинен иштебей турат.

Ал эми Барскоон айылынын экинчи бир тургуну Асанакун Касмалиев өзүнүн азыркы абалы тууралуу мындай деди:

- Мага 55 жашымда пенсияга чыгышка туура келди. Цианиддин айынан майыптыкка чыктым. Бирок каражатым жок, документтерди даярдай албай, кыйналып жүрөм. Ай сайын колума жара сыяктуу тактар пайда болуп, ырбап бараткансыйт.

Байкоочулар жергиликтүү тургундардын цианидден жабыр тартышынын себебин бул кырсык кандайдыр-бир себептерге байланыштуу жаап-жашырылып, убагында ачык-айкын маалымдалбаганынан көрүшөт. Анткени Барскоондогу сууга цианид төгүлгөнү экологиялык олуттуу окуя болгонуна карабай, 6 сааттан кийин араң маалымдалган. Кырсыктын чоо-жайы ушул күнгө чейин ачык айтылбайт. Дегинкисин мындай жаап-жашыруу Кыргызстандын мисалында биринчи жолу болуп аткан жок. Ал аз келгенсип, «Кумтөр оперейтинг» компаниясынын автоунаасы аварияга учурап, Барскоон суусуна цианид төгүлүп жатса, аны зыянсыздандыруу максатында агын сууга дагы тонналаган химиялык заттар төгүлүп, «какаганга муштагандай» эле мамиле болгон. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» демекчи, ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын чыркыраган үнү басылбай жатканы эле абалдын канчалык оор экенинен кабар берет.

Кээ бир маалымат булактарынын ырастаганына караганда, кырсык болгон алгачкы күндөрү 2 миңден ашуун киши дарыланган. Айрым дарыгерлер Барскооон кырсыгынан кийин жергиликтүү тургундардын арасында баш айланып, көз кызарган оорунун белгилери массалык түрдө пайда болгонун ырасташат. Алар цианиддин адам баласынын ден соолугуна терс таасири бар экенин айтышат. Кырсыктан кийин 2 миңден ашуун адам борбордук ооруканалардагы дарыгер-эксперттерден «цианидден ууланды» деген аныктама алышканы буга жакшы далил. Бирок «Кумтөр оперейтинг» компаниясынын автокырсыгынан улам канча адам жабыр тартканы боюнча эч кандай так, расмий маалымат азырынча жок.
XS
SM
MD
LG