Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Баткен облусунда бруцеллез менен жабыркагандар 2 эсе көбөйдү


БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунан бүгүн алынган маалыматка караганда, быйылкы жылдын 10 айында облуста бруцеллез илдетине чалдыккан 534 киши катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2 эсе көптүк кылат. Мындай илдетке чалдыккандар өзгөчө Лейлек жана Баткен райондорунда кескин көбөйүп кеткен. Малдан жукчу бул илдеттин көбөйүп кетишине эмдөө иштеринин начар жүргүзүлүшү, эт-сүт азыктары сатылуучу жайлар санитардык-ветеринардык талаптарга жооп бербей жатканы себеп болгон. Эт-сүт азыктарынын көпчүлүк учурда текшерилбей сатылышы да оорунун жайылып кетишине түрткү болууда.

XS
SM
MD
LG