Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:24

Нарындын 2 миңге жакын тургуну Кытайда күрөөдө кармалууда


НАРЫН. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Нарын шаарындагы «Теңдеш» бейөкмөт уюмунун лидери Света Саякбаева кабарлады. Анын айтымында, адамдардын акчага, азык-түлүккө жана буюм-тайымдарга күрөөгө коюлушу өнөкөткө айланып баратканы байкалууда. Мындай көрүнүштөрдү мындан ары токтотуу максатында бул бейөкмөт уюм быйылкы декабрь айынан тартып 5 ай бою «Кулсатык токтотулсун» деген долбоорду жүзөгө ашырмакчы. Бул долбоор «Сезим» кризистик борбору менен кошо Эл аралык миграциялык уюмдун колдоосу менен ишке ашырылат. Ошону менен катар, «Теңдеш» уюмунун алдында 1-декабрдан тартып атайын ишеним телефону иштейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG