Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:39

Кыргызстанда аялдарга зомбулук кылууга каршы акция өтүп жатат


БИШКЕК. Кыргызстанда Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнө багытталган долбоордун алкагында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы «Зомбулуксуз жашоо» аттуу акция өтүп жатат. 16 күнгө белгиленген бул акция 10-декабрда аяктайт. Аялдарга зомбулук кылууга каршы өтүп жаткан бул өнөктүктүн учурунда ар кыл семинарлар, «тегерек үстөлдөр», маданий программалар уюштурулат. Мындай иш-чара акыркы 5 жылдан бери «Сорос-Кыргызстан» фондунун демөөрчүлүгүндө өтүп келатат. Ал эми дүйнө жүзүндө бул акциянын өтүп келатканына 13 жыл болду. Кризистик борборлор ассоциациясынын төрайымы Майрам Тилебалиеванын билдиргенине караганда, дүйнө жүзүндө эки аялдын бири үй-бүлө зомбулугуна кабылат. Кыргызстанда запкы жеген аялдар андан да көп.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG