Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Бишкекте Феликс Куловдун боштондугун талап кылган нааразылык акциясы өттү


БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт Үйүнүн алдында «Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун боштондугун талап кылган пикет өткөрүлдү. Ага отузга жакын киши катышты. Нааразылык акциясы бир сааттан ашуун убакыттан соң тарады. Иш-чараны «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму жана Демократияны өнүктүрүү фонду уюштурушту. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, ушундай эле максатта 29-30-ноябрь күндөрү Бишкекте «Куловго боштондук!» деген ат менен коомдук талкуу өткөрүлөт.
Мындан тышкары, бүгүн бир катар укук коргоочулар президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту. Мамлекет башчысынан алар БУУнун чечими боюнча белгиленүүчү 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата Феликс Куловду боштондукка чыгарууну өтүнүштү. Кайрылуу ээлери Феликс Куловдун Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымы жана эл аралык коомчулуктун, коомдук бирикмелердин, укук коргоочулардын өтүнүчтөрү аны боштондукка чыгарууга негиз болоорун белгилешкен. Кайрылууга Адам эркиндиктеринин жана укуктарынын институтунун, «Атуулдук коом коррупцияга каршы», «Кылым шамы» бейөкмөт уюмдарынын, Демократияны өнүктүрүү фондунун жана башка ондон ашуун бейөкмөт уюмдардын жетекчилери кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG