Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

АКШнын мурдагы президентинин жубайы Ооганстанда болду


Сенатор Хиллари Клинтон бүгүн АКШда майрамдалып жаткан Алкыш айтуу күнүн Баграм авиобазасында америкалык аскерлер менен бирге белгиледи жана президент Хамид Карзай баштаган ооган бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Хиллари Клинтондун пикиринде, АКШ Ооганстандын ишенимдүү өнөктөшү бойдон калат:

- Мага ооган өкмөтүнүн жана президент Хамид Карзайдын террорчулука каршы күрөштү улантуудагы чечкиндүүлүгү жакшы таасир калтырды. АКШ өз тарабынан террорчулукка каршы күрөштө Ооганстандын ишенимдүү өнөктөш болуп калууга ниеттүү. Андыктан, мен бул үчүн каражат да, аскер күчү табыларынан шек санабайм.

XS
SM
MD
LG